Ош облусунун ооруканаларына 26 тез жардам унаасы берилди

Буга чейин эл аралык банктар аркылуу Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 9, Жалал-Абад облусуна 11 тез жардам унаасы тапшырылган.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Ош облусунун медициналык мекемелерине 26 тез жардам унаасы берилгенин Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.
Баткендеги ооруканаларга Тез жардам унаалары тапшырылды. Сүрөт
Жалпысынан Ислам өнүктүрүү банкы аркылуу 66 тез жардам унаасы сатып алынып, республиканын бардык саламаттык сактоо уюмдарына таратылмакчы. Буга чейин Ысык-Көл облусунун саламаттык сактоо уюмдарына 9 тез жардам унаасы берилди.
Ал эми кечээ Бүткүл дүйнөлүк жана Азия өнүктүрүү банкы тарабынан берилген гранттык каражат аркылуу Жалал-Абад облусунун медицина мекемелерине 11 тез жардам унаасы тапшырылган