Кыргызстан былтыр аз көлөмдөгү алтынды кымбатка сатты. 11 айдын жыйынтыгы

Кыргызстан өткөн жылдын 11 айында 2019-жылга салыштырмалуу 250 килограммга аз алтын саткан. Анын көбү Улуу Британияга экспорттолгон.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. 2020-жылдын январынан ноябрына чейинки аралыкта Кыргызстан чет өлкөгө 905,9 миллион долларлык алтын саткан. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитет билдирди.
Жалпысынан өткөн жылы 16 тонна 278,3 килограмм баалуу металл сатылса, анын 18 килограммы Түркияга, калганы Улуу Британияга экспорттолгон.
2019-жылдын ушул мезгилинде 16 тонна 541 килограмм алтын 729,5 миллион долларга сыртка сатылган.

Алтындын дүйнөлүк баасы

Кыргызстандын ИДПсы 598 млрд. сомду түзүп, экономика 9%га төмөндөдү

Эске салсак, өткөн жылы алтынга болгон баа өскөн, ал трой унциясына карата (31,1 грамм) 1 500 доллардан 2 000 долларга чейинки баада өзгөрүлүп турган.

Лондон рыногунун соңку маалыматтары узаган жылдын 30-декабрында коюлган. 8-январдан бери трой унциясынын баасы 315,65 долларга жогорулап, жалпы наркы 1 887,6 долларды түзгөн.
Бирок жыл ичинде баалар термелип турду, мисалы, мартта 1 500 доллардан төмөн болсо, августта 2 000ден ашкан. 2019-жылы баалар 1 500 доллардан дээрлик жогорулаган эмес, тескерисинче, кээде төмөндөп, 1 300 долларга чейин түшкөн.