Кан басымды дарысы жок эле төмөндөтө турган ыкманы адистер айтып беришти

Айта кете турган дагы бир жагдай — экинчи топтогулардын, тагыраагы, көбүрөөк баскандардын бел тарабындагы май катмарлары кадимкидей азая түшкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 17-янв. — Sputnik. Канадалык окумуштуулар керилип-чоюлуу артериялык кан басым көтөрүлүп кеткенде түшүрүүгө жардам берерин аныктап чыгышты. Бул туурасында РИА Новости Journal of Physical Activity and Health басылмасына таянып кабарлады.
"Керилип-чоюлуп, булчуңдар тартылганда сиздин ири артериялар, анын ичинен бардык кан тамырлар да чоюлуп жаткан болот. Эгерде артериялар катуу болуп турбай жумшарса, кандын айлануусуна тоскоолдук жаратуу да азаят", — деген изилдөөнүн авторлорунун бири, окумуштуу Фил Чилибек.
Жашоону он жылга узарта турган 4 адат аталды
Экспериментке алынган кишилерге беш күн байкоо салышкан. Алар жарым сааттан керилип-чоюлуп же басып турушкан.
Изилдөөгө орточо курагы 61 жаш болгон кырк адамды катыштырышкан. Окумуштуулар алардын кан басымын көнүгүү жасаганга чейин жана андан кийин тыкыр текшерүүгө алган. Жыйынтыгында керилип-чоюлуп тургандардын кан басымы кадимкидей төмөндөгөнү байкалган.
Айта кете турган дагы бир жагдай — экинчи топтогулардын, тагыраагы, көбүрөөк баскандардын бел жагындагы май катмарлары кадимкидей азая түшкөн.