232 конгрессмен "макул" деп добуш берген, алардын ичинен он эл өкүлү — бийлигин өткөрө турган президенттин партиялаштары. Эмнеге аны кызматтан тынч кетирбөөгө аракеттенип жатышканына РИА Новости агенттигинин кабарчысы Софья Мельничук кызыгып көргөн.
Бар тараптан бөгөт
Дональд Трампты "Твиттерден" бөгөттөп салышты, бул анын шайлоочулары менен кызуу баарлашуучу аянтчасы эле. Эми Ак үйдөн да бөгөттөөнү көздөп турушат. АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы вице-президент Майк Пенске жетекчисин кызматтан четтетүү сунушу менен резолюция кабыл алды. Палатадагы демократтар Трамп тарапташтарын козголоңго үндөгөн деп эсептешет, анын натыйжасында 6-январда Капитолийге эки кылымдан бери биринчи ирет кол салуу болду. Мындай кадамдарга шыкактоо – өлкөгө каршы оор кылмыш экенин белгилеп, лидерди кызматынан тезинен кетирүүнү талап кылууда.
Пенс өзү бул аракеттерди айыптап чыкты, бирок имиштерге караганда, ал Капитолийде козголоңчулар вице-президентке кол салууга ниеттенген деген кептен улам Трамп менен бир топ убакыт сүйлөшкөн эмес. Шайлоочулар тобунун добуштарын бекитүүгө да катышкан. Бирок импичмент жөнүндөгү демилгени ал колдогон жок. Трампты кызматынан "милдеттерин аткарууга жөндөмсүздүгүнөн" улам четтетүүгө Конституцияга 25-түзөтүүнү колдонуу кооптуу прецедент жаратарын боолголойт Пенс.
Эч көңүлдөнбөй...
Демократтар мамлекет башчысынын орун басарынын жардамысыз деле муну ишке ашыра алмак, ал үчүн өкүлдөр палатасындагы жөнөкөй көпчүлүк жетиштүү. Анан калса процессти республикачылар колдоого алган.
Палатада жашы боюнча үчүнчү орунда – Жорж Буштун тушундагы вице-президент кенже Дик Чейнинин кызы Лиз Чейни. "Эч качан АКШ лидери өз администрациясын жана Конституцияны мынчалык саткан эмес, — деп билдирди ал жыйындын алдында. — Мен Трамптын импичментине добуш берем".
Президент антын бузган деген айыптоого дагы төрт республикачы ачык макул болду. "Жетишет. Конгресс Трампты жооп берүүгө чакырууга жана өлкө бийликти тынч өткөрүүгө жолтоо болуу аракетине жол бербейт", — дейт Мичиган штатынан шайланган конгрессмен Фред Аптон.
Конгресстин төмөнкү палатасынын спикери Нэнси Пелоси сенатта добуш берүүнү утурлай Трампты кызматтан четтетүү иши боюнча тогуз айыптоочуну дайындаган. Көздөгөнүнө жетүү үчүн жалпы добуштардын үчтөн экиси керек.
Эгер жогорку палатадагы демократтардын баары кесиптештеринин чечимин колдой турганын болжосок, анда республикачы сенаторлордун дагы 17синин добушу зарыл. The New York Times басылмасы импичмент маселесинде Трампты сатып кетүүгө 20 республикачы даяр экенин жазып чыккан. Бирок ишке келгенде алар кандай добуш берери белгисиз. Эгер алар азыр жарыялап жаткандай Трампты кызматтан четтетүү демилгесин колдоп чыгышса, анда мамлекет башчысынын ордун кааласа-каалабаса да Майк Пенс ээлейт.
Ошентсе да сенатта импичментке каршы өкүлдөр да бар. Атап айтсак, Трамптын мурдагы тарапкери сенатор Линдси Грэм кеңседен лидерди кууп чыгууга каршылыгын билдирди. Ошону менен бирге: "Эгер бир нерсе болсо, баары болушу мүмкүн" – деп кошумчалады.
Сенатта Трампка мурдагы импичментин колдоп чыккан жападан жалгыз республикачы Митт Ромни бул процесске убакыт калбаганын эскертти. Чындап эле күн өткөн сайын азайып барат.
Тез арада
Сенат 19-январга дейре каникулда. Байдендин инаугурациясына дейре алардын үлгүрөрү күмөн. Республикачылар көпчүлүгүнүн лидери Митч Макконнелл 20-январга чейин импичмент жарыялоо жөнүндөгү чечимди кабыл алынат деп эсептебейт. Бул процесс тез жүрбөсүн да эске салды, анткени мурдагы териштирүүлөр 83, 37 жана 21 күнгө созулган.
Мындан сырткары, сенаттын токтому менен бир дагы америкалык лидер кызматынан четтетилген эмес. Эми эксперттер конгресстин жогорку палатасы Трампка ал кызматтан кеткенден кийин импичмент жарыялай алар-албасын талашып жаткан чагы. Сенаторлор бул жагдайда жол-жобону кантип өткөрүү керектиги АКШ Конституциясында да, башка мыйзамдарында да такталган эмес.
Кандай болгон күндө да депутаттар ишти жарым жолдо калтыра алышпайт. Муну өз сөзүндө Москва мамлекеттик университетинин алдындагы Франклин Рузвельт атындагы АКШны изилдөө фондунун директору, американист Юрий Рогулев да белгилейт.
"Мурдагы импичмент жарыялоо аракеттеринин ар бири ар кыл тартипте каралган, Конституцияда анын жол-жобосу жалпылай жазылган, — деп түшүндүрөт ал. — Тек гана импичмент жаатында конгресстин эки палатасынын функциялары ар кандай. Ошондуктан төмөнкү палата андай демилгени колдосо, жогорку палата процедураны аягына чыгарууга тийиш".
Жо Байдендин инаугурациясынан кийин сенаттын жаңыртылган курамы менен жарыялоого болот. Жаңы лидердин келиши менен жогорку палатада көпчүлүктүн ордун демократтар ээлеп, чечүүчү добуш жаңы вице-президент Камала Харристин колунда болмокчу.
Өкүлдөр палатасынын мүчөсү демократ Илхан Омар Вашингтондогу нааразылык акцияларына байланыштуу Дональд Трампка айып тагуу үчүн беренелерди караштырып жатканын жар салган. Бир катар демократ сенаторлор да АКШ президентин жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан.
"Сенатты көзөмөлдөө демократтардын колуна өтүшү менен бул процесс Трамптын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү бүткөнчө ишке ашары да толук ыктымал, — деп боолголойт Миннесота университетинин саясат таануу боюнча профессору Дэвид Шульц. — Импичмент жарыялашпаса да бул аны жазалоо ыкмасы, ал эми демократтар үчүн аны бөлүп салуу үчүн республикачыларга басым кылуу болуп саналат".
Буффало университетинин алдындагы Юриспруденция мектебинин саясат таануу боюнча профессору Жеймс Гарднер мындай ойго кошулбайт. "Убакыт канчалык көп өтсө, конгресс бир нерсе кылары ошончолук арсар. Байдендин мөөнөтү башталганда конгресс Демократиялык партиянын күн тартибин кароого киришет. Алар мурдагы лидерге убакыт жана энергияны куру кетирүүнү каалашпайт". Бирок сенат чечимди бекитүүгө жетишип-жетишпеген күндө да Трамп Кошмо Штаттардын тарыхында өкүлдөр палатасында эки ирет импичмент жарыяланган жалгыз президент болуп каларына жолтоо боло албайт.
Акырына чейин...
Баары бир демократтар бул жол-жобону аягына чыгарууга кызыкдар. Мындай пикирдеги Юрий Рогулев эгер алар импичмент процессине басым кылышса, эки коенду бир ок менен атарын айтат. "Байден — бир мөөнөттүн президенти. Анан калса аны талапкер катары түбүнөн кыйратып салышты.
2024-жылы жаңы шайлоо кампаниясы старт алат, талапкерлик боюнча маселе көтөрүлөт. Харрис өзүн кандай көрсөтөрүн эч ким билбейт, бирок 2020-жылдагы көрсөткүч боюнча ал кеңири колдоого татый алган жок. Республикачылар да бирөөнүн талапкерлигин чыгарууга тийиш.
Күрөш жүрөт, "булганган сууда" кайрадан Трамп пайда болушу ыктымал. Азыр ал – мынчалык эбегейсиз колдоосу бар жападан жалгыз саясатчы", — деп түшүндүрөт американист.
Экинчи максат — Республикалык партияга сокку уруу. Анын мүчөлөрү азыр татаал тандоо алдында. Импичментти колдошсо, Трамптын электоратынан кол жуушат, себеби анын тарапташтары партиядан да жүз буруп кетиши мүмкүн эмеспи.
Кандай болсо да Трампка бул процесс Ак үйгө болгон жолдун гана жабылышы эмес, башка кыйыр таасирлери да бар. Өмүр аягына чейин пенсиядан, казынанын эсебинен жылына бир ирет саякаттоо жана мурдагы президенттин кеңсесин каржылоого бюджеттик каражат алуу укугунан ажыратылат.
Чынында миллиардер президенттик маянасынан да пайдаланган эмес, аны кайрымдуулукка которуп турган. Ошондуктан бул жагы анын кылын кыйшайта албайт. Андан да олуттуу кесепеттери бар, банктар анын эсептерин тейлөөдөн эмитен эле баш тартууда. Гольф профессионалдык ассоциациясы анын гольф-клубунда мелдештерди эми өткөрбөй турган болушту.
20-январда кол тийбестик иммунитетинен ажырай турган президентке салык төлөөдөн качуу жана саясий шантаж өңдүү соттук коркунуч илиниши мүмкүн. Бул үчүн аны өткөн жолу кызматтан кетирүүгө аракет кылышкан, ошондой эле зордуктоо жана куугунтуктоо боюнча да кине тагышкан.
Соңку айларда байкоочулар президенттин өзүн жана тарапташтарын алдын алуучу ырайым мүмкүнчүлүгүн пайдаланар-пайдаланбасын талкуулашты. Азырынча Трамп андай кадамга барган жок, ал өзүн жазалоого себеп жок экенине бекем ишенет.
"Эч нерсе жасабасам, эмнеге антем?" — деп ой толгойт өзүнө-өзү ырайым кылуу туурасында Кошмо Штаттардын азыркы лидери. Бирок окуялардын өнүгүшүн эске алсак, балким, анын бул туурасында ойлонуп койгону оңдур.