Аяп, күтүп, сыйлап... Издешпей табышкан Азамат Кыязов менен Жаңылай Алиева

"Турмуштук сыноолор бизге да келди. Бирок турмуштан жакшы нерсе үмүт кылып, "ушундан өтүп кетсек, баары жакшы болот" деп жеңип келе жатабыз" дейт журналист Азамат Кыязов менен радио алып баруучу Жаңылай Алиева.
Sputnik
Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору журналист жубайлар болду. Алар бала тарбиялоодогу өзгөчө ыкмалары менен бөлүшүп, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу кызыктуу нерселерди айтып берди.
— Азамат байке, журналистика жаатында эмгектенип келе жатканыңызга канча убакыт болду?
Азамат Кыязов: — Бул тармакта жүргөнүмө дээрлик 20 жылдан ашты. Көп жыл гезит-журналдарда иштеп, кийин ТВда эмгектенип калдым. Азыркы учурда 5-каналда теле алып баруучумун.
Өмүрлүк жубайымды да ушул журналистика тармагынан тапкам.
— Таанышкан, табышкан күнүңөрдү эстеп айтып бересиздерби?
А.К.: — Жаңылга 26 жашымда жолуктум. Ал учурда "Асаба" деген гезитке жаңы кирип, иштеп жүргөм. Бир күнү Кыргыз радиосуна жумуштарым менен барып калдым. Жаңыл анда ошол радиодо эмгектенчү экен. Жамааттагы топ кыздын арасынан Жаңылды жактырып кийин колун сурагам.
Ж.А.: — Ошондо Азамат Кыргыз радиосуна жубай издеп эле келчү экен. Башында чоң, бийик тумак, жонунда калың, булгары күрмө. Ал кезде ошондой мода эле го. Бою да узун, сымбаттуу жигит эле.
Менин боюм болсо кичинекей, бала мүнөз болчумун. Ошол мүнөзүмдү жактырган окшойт, айтор, тогуз кыздын арасынан мени тандаптыр. 
"Издешпей табышкандар" рубрикасынын бул жолку коноктору журналист жубайлар болду. Алар бала тарбиялоодогу өзгөчө ыкмалары менен бөлүшүп, үй-бүлө баалуулуктары тууралуу кызыктуу нерселерди айтып берди.
А.К.: — Жаңылдын боюна деле караган эмесмин. Ошондо эле мен анын жакшы адам экенин, кийин балдарыма мыкты эне болорун сезгем. Ойлогонумдай эле чыкты.
Ж.А.: — Азамат мени айтпай-дебей ала качып кеткен (күлүп). Башында Кыргыз радиосуна келип жүрүп, кийин экөөбүз сүйлөшүп калдык. Жумуштан чыккандан кийин чоң диктофонумду көтөрүп алып узатып койчу. Бир күнү жумуштан чыксам эле бир жигит артыман келип кучактап калды. Андан эптеп бошонсом алдымда Азамат турат. Ал кезде аны "байке" дечүмүн. Жакын адамым катары ага "Азамат байке" деп чуркап барып калсам "жүрү" деп автоунаага салып туруп үйүнө алып барып койгон.
— Демек, өзүңүз аралашып жүргөн тармактын эле өкүлүн алайын деп чечиптирсиз да.
А.К.: — Чынын айтсам, кесибине деле карап, кызматына, ишине көңүл бурган эмесмин. Жогоруда айткандай, мени анын адамдык сапаты арбап алган. Эмнегедир мүнөзүмдө кыздар менен жылдап сүйлөшүү деген болбоптур. Туюу сезимим күчтүү болуп, көргөндөн кийин көп өтпөй колун сурап, үйлөнүп алгам.
Ж.А.: — Азамат "мынча балам болот, сен жакшы балдарды төрөйсүң" деп ачык эле айтып салчу.
А.К.: — Табиятыман жасалмалуулукту көп жактыра бербейм. Турмушту реалдуу көз караш менен карайм. 
Жаңылай Алиева: Азамат экөөбүз турмуштун кыйынчылыктарын бири-бирибизди аяп, карап, сыйлап, турмуштан бир жакшы нерсени үмүт кылып, күтүп, "ушундан өтүп кетсек баары жакшы болот" деп эле жеңип келе жатабыз.
— Баш кошконуңуздарга канча жыл болду?
Ж.А.: — Быйыл 20 жыл болду.
— Бул аралыкта бардык эле үй-бүлөлөр сыяктуу башыңыздардан көп эле нерсе өтсө керек. Досту деле, жубайларды деле кыйынчылык сынап коёт турбайбы. Мындай учурлар болду беле, болсо аны кантип жеңип келе жатасыңар?
Жумушта, үйдө, тойдо да чогуубуз. Издешпей табышкан Альбина менен Арнис
Ж.А.: — Бардык эле үй-бүлөгө келе турчу турмуштук факультеттер бизге да келди. Ансыз курчубайсың. Алар бизден жеңил өтүп кетти деп деле айта албайм. Бирок ошондой учурда бири-бирибизди аяп, карап, сыйлап, турмуштан бир жакшы нерсени үмүт кылып, күтүп, "ушундан өтүп кетсек баары жакшы болот" деп эле жеңип келе жатабыз. Биздин баштан деле ар кандай кыйынчылык өттү. Маселен, үйгө жетүү жагынан, балдар төрөлгөндөн кийин.
А.К.: — Мен бул нерсеге даяр болчумун. Анткени турмушту көтөрө билиш керек деген түшүнүктү талдап калгандан кийин үйлөндүм. Эркек адам үй-бүлө куруп жаткандан кийин ошол жоопкерчиликти сезиш керек. Биздин убакта мектепти бүтөрүң менен армияга кетесиң. Ал жактан такшалган соң окуп, иштейсиң. Ошонун баары эле турмушка бышырчу, тарбиялачу экен. Бул дагы калыптануунун жакшы бир жагы деп ойлойм. Үй-бүлөдө деле армиядагыдай алгач көйгөйлөр жаралат, анан бара-бара такшаласың. Жаңыл экөөбүз бири-бирибизди көтөрүп, бири-бирибизди түшүнгөндүн натыйжасында ушул даражага жеттик деп ойлойм. Көп кыйынчылыкты түшүнүшүү менен эле жеңип кеттик. Көйгөй жаралса "ушуга чыдап, жеңип коелу, анан баары жакшы болот" деп жашап келе жатабыз. Кыйынчылыктарды көтөрүп өткөрүп жиберсең андан кийин узак жылдар бою жакшылыктарды көрөсүң. Анча-мынча тоскоолдуктарга чыдап, бири-бириңди ошол учурда түшүнүп койсоң, ал шамал, бороон тез эле өтүп кетет дагы артынан жаркыраган күн тиет.
Азамат Кыязов: үй-бүлөнүн ички очогуна сырткы көз карашты аралаштырбаса эле баары тынч болот деп ойлойм.
— Жубайлардын бири-бирин убагында түшүнө билүүсү маанилүү экенин психологдор да айтып жүрүшөт. Үй-бүлө куруп аны уратпай, жакшы алып кетүүдө жаш бүлөлөрдүн кандай кемчилиги бар деп ойлойсуздар?
Ж.А.: — Биздин башка кыйынчылык келгенде бир да жолу ата-энебизге айткан эмеспиз. Ата-эне, бир туугандарыбыз эмнени көргөнүбүздү билбейт. Ал тургай Азамат экөөбүздүн урушканыбызды балдар көргөн эмес. Маселе жаралса акырын чыгып, машинага барып, ошол жактан эле чечишип алабыз. Жаштарга да ошону эле айтат элем. Жубайлардын башына келген маселени экөө эле чечсе болот. Эч кимди аралаштырбаш керек. Көп көз караш деген көп көз караш да. Ар ким ар кайсыны сүйлөйт. Көп пикир ажырымга алып келиши ыктымал. Эгер чечиле турган маселе болсо, бирин-бири кыйбай турса, анда аны экөө эле отуруп, ачык сүйлөшүп чечип койсо болот. Эгер келечегин көрө албаса, анда башка маселе. Өтө эле оор көйгөй жаралса, анда кеңеш сураса болот, бирок жеңил-желпи нерсеге ата-эне, бир тууган, дос-таанышты аралаштыруунун кажети жок. 
Кеп-сөзгө карабай үйлөнгөнбүз. Издешпей табышкан Дөөлөт Сыдыков менен Ырыс Окенова
А.К.: — Жубайлар бири-бирин жөн гана түшүнүш керек. Анткени экөө балдардын ата-энеси, аларды жарык дүйнөгө алып келген соң аларды тарбиялап, билим берүүгө милдеттүү. Бардык нерсени сүйлөшүү жолу менен чечсе болот. Биз үйдөн бардык нерсени ачык сүйлөшүп чечебиз. Бири-бирибизден жашырган эч нерсе жок. Үй-бүлөнүн ички очогуна сырткы көз карашты аралаштырбаса эле баары тынч болот деп ойлойм. Очогуңа, үйүңө баарын эле киргизип, баарына эле даттана берсең, очокту ошолор чечип, ошолор бузуп коюшу ыктымал.
Ж.А.: — Мисалы, менде кандайдыр бир көйгөй болсо, аны башкага айткандан көрө Азаматка эле айтып, аны менен сүйлөшүп алганым жакшы. Азыр балдарым чоңойду. Аларга айтып, ошолор менен талкуулап алам. Алар менен теңтуштай сүйлөшкөнгө аракет кылам. Маселен, "мен консервант болуп жатам, бирок либерал болгум келет, ал үчүн эмне кылышым керек" деп сурасам, 8-класста окуган кызым мага көп нерсени айтып, түшүндүрүп берди. 
Азамат Кыязов: балдардын өсүүсүнө терс таасирибиз тийип калбасын деп аларга өтө кылдат мамиле жасайбыз. Анткени байлыгыбыз — балдарыбыз жана алардын келечеги.
— Казан-аяк кагышканда "балдар укпасын" деп автоунааны көздөй чуркайт турбайсыздарбы.
Ж.А.: — Биз үчүн жеңил болуп жаткан нерсе балдар үчүн чоң болуп сезилиши ыктымал. Азамат экөөбүздүн урушканыбыз да аларга катуу тийиши мүмкүн. Алардын жан дүйнөсүн, аруу бир нерсесин талкалап алгыбыз келбейт.
А. К.: — Балдардын өсүүсүнө терс таасирибиз тийип калбасын деп аларга өтө кылдат мамиле жасайбыз. Анткени байлыгыбыз — балдарыбыз жана алардын келечеги. Аларды билим менен сугарып каныктыралы деп максат койгонбуз. Өз доорунда иммунитети, орду болсун деп даярдап жатабыз. Экөөбүз тең журналист болгондон кийин үйдө сөз менен жашайбыз. Балдарды да сөз менен тарбиялайбыз. Алар дагы кепке, сөзгө өзгөчө маани беришет. Ошондуктан маселе жаралып калса, Жаңыл экөөбүз өзүнчө сүйлөшүп, кеңешебиз.
Урушсак кат жазышып жарашабыз. Издешпей табышкан Мирхамид менен Шаакан Токтогул
Көбү "экөөңөр урушасыңарбы?" деп сурашат. Эгер үйдө жымжырт болсо, анда Жаңыл экөөбүздү урушуп жатат деп түшүнсө болот. Чырылдаша кеткенде экөөбүз тең сүйлөбөй калабыз. Ошол жерден катып калабыз. Тилиң тийип кетсе жаман да. Ошондуктан урушкан учурда унчукпай койгон жакшы. Жаш үй-бүлөлөргө да ушундай ыкманы сунуш кылат элем. Ызылдаша баштаган учурда унчукпай коюп, ачуу тарагандан кийин сүйлөшкөн оң.
— Бала тарбиялоо ыкмаңар мага өтө кызык болуп жатат. Улуу балаңар Нурболот эл көзүнө көрүнүп, анын тарбиясына кызыккандар арбын.
Ж.А.: — "Нурболотту кантип тарбияладыңар эле?" деген суроону көп адам берет. Ойлонуп көрсөм, Нурболотту кыпкыргызча эле тарбиялаптырбыз. Ал 4-класска чейин орус класста окуду да. Үйгө "Пушкинди өттүк, Толстойду өттүк" деп келет. Бул учурда менин ичтеги патриоттук сезимдерим ойгонуп, ага жанталашып Алыкул Осмонов, Касым Тыныстанов тууралуу сабак өтүп кирчүмүн.
"Нурболот кыргызча оку, Алия комуз черт" деп балдарды кыргыздын баалуулуктары менен тарбияладык. Көкүрөгүндө кыргызы барлар англисчени да, орусчаны да, башка тилди да үйрөнүп алышат. Анткени кыргыздар кыйын эл да, өткүр болушат. Азыр менден "балдарды кантип тарбиялайсың?" деп суроо узаткандарга "нагыз эле кыргызча тарбиялагыла" деп айтам. Таза кандуу, нак, нагыз кыргыз болсо эле башканы өзү издеп, таап алат. Айрымдар "балама 4-5 тил үйрөтүп жатам, бирок бирөөнү да билбейт" деп айтып калат. Ким канчалык ишенерин билбейм, бирок мен өз тажрыйбама таянып, аны туура деп айта алам. 
А.К.: — Өткөндө бир таанышым "Нурболотту кантип тарбияладыңыз эле?" деп сурады. "Пайдубалын орусча куйдум, дубалын түркчө, чатырын англисче жаап, ичин кыргызча жасалгалагам" десем күлөт.
Балдарды биз бурчка такап алып "тигини оку, муну оку" деп кыйнаган эмеспиз. Башкысы баланын багытын, чөйрөсүн карап, туура сиңимдүү сөздү айтып, үй-бүлөлүк аба ырайын туура кармасаң эле ал өзү тарбиялана берет. Чүрпөнүн билими менен ден соолугун биринчи орунга коюш керек.
Мындан сырткары, ата өз ордун, эне өз ордун билиши шарт.
Азамат Кыязов: үйдө атанын таасири болбосо бала тоготпой калат. Таасир бериш үчүн сөзсүз эле урушуп, тилдөө эмес. Таасириңди позицияң, салмагың, талабың, жасаган ишиң жана өзүңдү алып жүрүшүң менен көрсөтсөң жетиштүү.
— Атанын орду кандай болушу керек?
А.К.: — Атанын балдарга айта турган, айтпай турган сөзү болот. Ата айтпачу сөздөрдү эне жеткирип турганы жакшы. Ата таасир гана берип турушу шарт. Үйдө атанын таасири болбосо бала тоготпой калат. Таасир бериш үчүн сөзсүз эле урушуп, тилдөө эмес. Таасириңди позицияң, салмагың, талабың, жасаган ишиң жана өзүңдү алып жүрүшүң менен көрсөтсөң жетиштүү. Калганын эне жасайт.
Ж.А.: — Мен үйдө балдарым менен баладай, дос катары сүйлөшөм. Алардын оюн угуп, баарлашам, сырдашам.
— Журналистика көп убакыт, мээнетти талап кылган жумуш эмеспи. Бул учурда балдарга тарбия бермек тургай, убакыт бөлгөнгө да жетишпей каласың.
Ж.А.: — Балдарды тарбиялоого бизге ушул журналистика да таасирин тийгизди десек болот. Нурболот 4 жашында Азамат "Асаба" гезитинде иштечү. Ал кезде уулубуз тамга таанып окуп калган. Анан атасы гезит чыккан күнү төрт жаштагы баланын алдына "кандай болуптур" деп таштап койчу. Гезитти эжелеп окуп атып Нурболот "жакшы" деген сөзүн айтчу.
Актриса Айтурган Темирова: Болотко кыйын учурда жардам бере албай калдым
Мен болсо "Бейпил түн", "Тарыхый инсан" деген уктурууларды үйдөн даярдадым. Аны жасап жатканда балдар жанымда ойноп жүрө берчү. Көрсө, ошонун баарын билинбей сиңире беришчү экен. Курманжан датканын 200 жылдыгына карата бир жыл бою ал тууралуу уктуруу даярдагам. Балдарым бул чыгарманы, тарыхый инсанды беш колундай билишет. Алияны уктап жаткан жеринен ойготсоң айтып берет. Көрсө, мээси таза кезинде баарын сиңирип алышкан экен. Алия теңтуштарынан айырмаланып Асанкалый Керимбаевдин чыгармаларын сүйүп угат. Мунун баары радиого даярдаган уктуруулардын таасири болсо керек.
А.К.: — "Замандаш" журналына редактор болуп турган кезимде Нурболотко "журналдын бир бетин сен даярдайсың" деп жүктөп койгом. Кийин "Ай тумар" деген балдар журналын ачып бердим. Ошентип жүрүп такшалды. Кийин даяр журналист болуп чыга келди.
Ж.А.: — Азыр Нурболотту бүтүрүп, 8-класстагы Алия менен иштешүүгө өттүм. Үйүбүздө эң кыйыны азыр Алия. Бардык нерсени үйрөнүп жатат. 
Жаңылай Алиева: Азамат турмуштун өйдө-ылдыйында мага жакшы ийин, таянган тоом. Аялга ушул эле нерсе керек деп ойлойм.
— Жаңылай эже, жолдошуңуз үйдө кандай ата?
Ж.А.: — Азамат турмуштун өйдө-ылдыйында мага жакшы ийин, таянган тоом. Аялга ушул эле нерсе керек деп ойлойм. Азамат бир жакка кетсе мен үйдө жоопкерчиликтүү болуп калам. Ал келери менен балдар менен кошулуп өзүм бала болуп калам. Балдарга мыкты ата. Эч качан мага "муну кийбе, аны кылба" деп чектөө койгон эмес.
— Азамат байке, жубайыңыз тууралуу сиз дагы эки ооз сөз айтып коюңуз.
— Өзүңөр деле баятан бери байкап отурсаңар керек. Ал балдарга мыкты эне. Тарбиясына, келечегине бир мүнөтүн жөн кетирбей бөлөт. Мага жеңилдикти көп берет. Алсак, ашкере талап койбойт. "Тигини, муну алып бер" деп кыйнаган эмес. Жөн эле болгон чындык менен жашайбыз. Айрымдар баалап, барктаган нерсе, мисалы, кийим, автоунаа же зер буюмдар, бизге анчалык баалуу сезилбейт.
Издешпей табышкандар. Алтынбек Максутов менен Таалайкан Абазова
Ж. А.: — Сөзүңүздөргө аралжы. Мындан жети жыл мурда Азамат мага бир белек алып келди. Ал кымбат турган зер буюм болчу. Белекти алдым, бирок дагы бир нерсе жетишпей жаткандай сезилди. Көкүрөгүм толбой жатты. Кечинде Facebook баракчасынан Азаматтын мага жазган ырын көрдүм. Көрсө, мага ошол нерсе жетишпей жатыптыр да. Баягы зер буюмдар унутулуп эле калды. Тиги төрт сап ырды улам окуп алып жыргап калгам. Менин сүйүү тилим көрсө ушул нерсе экен. Быйыл баш кошконубузга 20 жыл болду. Азамат соцтармакка ыр жазып коюптур, ошого эле асманга учуп болбой калдым.
А.К.: — Аял менен эркек бири-бирин түшүнүп, турмуштун жүгүн чогуу тартып, ар түрдүү кырдаалда аял күйөөсүн сүрөп турса эле эркек далысын салбаса керек. Менин мүнөзүм негизи оор, коюу болуп жүрөм. Мени суюлтуп, үйдүн аба ырайын түздөп турган, үйдүн шаңы, эркеси — Жаңыл.