Футболчу Вальбуэнанын керемет пасы голго айланып, жеңишке жеткирди. Видео

"Олимпиакостун" франциялык оюнчусу Матьё Вальбуэнанын ыкмасы кызыктуу көрүнүш гана болуп калбай, командага жеңиш алып келген.
Sputnik
Грециянын футбол боюнча Суперлигасында "Олимпиакос" клубунун жарым коргоочусу Матьё Вальбуэна керемет чыгарып берүү менен көзгө көрүндү.
Учурдун сүрөтүн команда Instagram баракчасында жарыялап, футболчунун аракетиндеги артыкчылыктарды белгилеген.
"Бул сүрөттө Вальбуэна эмне кылат? Тапкылачы?" — деп суроо салынып, кайра жооптордун варианты жазылган.
Жылдын эң кооз голу болобу? Польша чемпионатындагы видео
Чемпионаттын 6-турунда Вальбуэнанын командасы Панетоликос клубуна конокко барган. 65-мүнөттө эсеп 1:1 болуп турган учурда олимпиакостуктар кезектеги чабуулун жасаган. Франциянын улуттук командасынын мурдагы футболчусу мүдүрүлүп кулап бара жатканына карабай, чабуулга ыңгайлуу турган шериги Эль Арабиге пас чыгарып берген. Ийгилик ийгиликке уланып, чабуулчу ал пасты голго айландырып, командага жеңиш алып келген.