БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. АКШ конгрессинин өкүлдөр палатасы Дональд Трамптын импичменти үчүн добуш берди. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Импичмент бир гана "козголоңго башкаларды үндөгөн" деген берене менен жарыяланып жатат. Резолюцияда өлкө башчынын бул аракети Конституциядагы "Оор кылмыштар жана жоруктар" деген беренесине туура келери айтылган.
Мындай жол менен Трамп АКШнын тарыхында төмөнкү палата эки жолу импичмент жарыялаган президент болуп калды.
Демократтардын пикири
Эл өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси (Демократиялык партия) Дональд Трампка жарыяланган импичмент өлкөдө мыйзам президенттен да жогору турарына далил болгонун айткан.
Ал Трамп АКШга коркунуч жаратып жатканын белгилеп, парламент өкүлдөрү өлкө элин жана Конституцияны коргоого убада беришкенин кошумчалаган.
Трамптын ою
Палатанын чечиминен кийин АКШ президенти Дональд Трамп билдирүү жасаган. Ал зомбулукту талкуулап, элдешүүгө чакырып, бирок импичмент тууралуу үн каткан эмес. Трамп өлкө кызыкчылыгы үчүн америкалыктарды биригүүгө чакырган. Ошондой эле ал Капитолийдеги башаламандыкка күнөөсү бар адамдар жоопкерчиликке тартылат деп убадалаган.
Трампты бийликтен мөөнөтүнөн мурда кетирүү үчүн сенат дагы импичмент жарыялаш керек. Бирок жогорку палатанын спикери республикачы Митч Макконнелл сенаторлор мындай кадамга өлкө башчынын мөөнөтү аяктаганга чейин, тагыраагы, 20-январга чейин барбай турганын билдирген.
Эске салсак, 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.
Башында Трамп Капитолийдин алдынан тарапташтарына анын добушу уурдалып кеткенин айтса, кийин башаламандыкта аларды тарап кетүүгө чакырган.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен демократ Жо Байден уткан. Бирок Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна албай келген.
Өлкө башчынын тарапташтары Ак үйгө кирип баргандан кийин конгресс мүчөлөрүн коопсуз жайга алып чыгышкан. Алар бир нече саат бою тар жерде отурууга аргасыз болушкан.