Бул машиналардын ордун ыраак авиациянын келечектүү авиакомплекси басат. РФ Коргоо министрлиги анын тышкы көрүнүшүн аныктап алды, ал эми кыймылдаткычын сыноого 2021-жылы киришет. Жаңы "стратег" кандай болору туурасында РИА Новости агенттигине жарыяланган Николай Протопоповдун макаласынан окуңуздар.
Учуучу канат
Россиянын Коргоо министрлигиндегилер ыраак авиациянын келечектүү авиакомплекси куралданууга азыркы программанын алкагында, башкача айтканда, 2027-жылдын аягына чейин кабыл алынат. Аскерлер жаңы учактын эскизин бекитип, анын мүнөздөмөлөрүн макулдашып, өндүрүшкө зарыл болгон контрактылык документтердин баарына кол коюшкан. Бомбалоочу учактын сынамык үлгүсүнүн курулушунун башталышы жөнүндө былтыр май айында жарыялашкан, ал эми декабрда ал үчүн чогултулган биринчи кыймылдаткыч тууралуу белгилүү болгон. "ОДК-Кузнецов" ишканасынын башкаруучу директору Алексей Соболев "Изделие РФ" индекстүү күч орнотмосу "темирде" жасалып, жыл башына пландалган стенддик сыноолорго даярданууда.
Ага катар эле дагы бир нече кыймылдаткычты чогултушат, аларды жогорулатылган бийик шарттардагы стендде да, учуучу лабораторияларда сынашат. Долбоор жашыруун, ачык булактарда маалымат азырынча аз. Келечегинен көптү үмүттөндүргөн учакта стелс-технологиялар кеңири колдонулганы белгилүү. Кубаттуу, жемиштүү жана үнөмдүү кыймылдаткычтар учуш узактыгын 30 саатка (Ту-160 — 25 саат) узартат.
Конструкторлор фюзеляждын бөлөк схемасын тандап алышкан, ыраак авиациянын келечектүү авиакомплекси (ПАК ДА) "учуучу канат" принциби боюнча жасалууда. Бул аскердик мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтип, маневрдүүлүгүн жакшыртат. РФ эмгек сиңирген аскердик учкучу Владимир Попов мындай компоновкасы анча байкалбас кыларын боолголойт.
"Фюзеляжы деле жок, жүгү канаттарына тегиз бөлүнөт, — дейт ал. — Илгичтүү жабдыгы болбойт, аба алуучулары ичине терең жашырылат, ал эми канатынын арткы кең бөлүгү ысык түтүндөрүн жабат. Мындан сырткары, конструкция көбүрөөк күйүүчү май, ок-дары жана радиоэлектрондук жабдуу жүктөөгө мүмкүнчүлүк берет.
Акыркы үлгүдөгү түзүмү
Ыраак авиациянын келечектүү авиакомплексин эң акыркы үлгүдөгү электроника, болгондо да он жылга алдыга карай заманбапташтырылган электроника менен жабдылган.
"Мурда да ушундай болчу, биздин Ту-95 "стратегдер" жарым кылымга толду, бирок алар алдына коюлган бардык маселелерди алигүнчө аткарып келишет", — деп белгилейт Попов.
Электрондук жабдуу жана автоматташтырылган тутумдар маневрдүүлүгүн кыйла жогорулатып, учакты башкарууну жеңилдетет.
"Кезегинде англичандардын "Вулкан" аттуу стратегиялык бомбалоочусу болгон, ал дагы "учуучу канат" схемасы боюнча курулган, — деп эске салат Попов. — Бирок аны айдоонун татаалдыгынан улам андан баш тартышкан. Себеби ошол убакта кол менен айдоо ыкмасы гана болгон. Ал эми ыраак авиациянын келечектүү авиакомплексинде операциялардын көпчүлүгүн автоматика аткарат".
Фюзеляжды жасоодо жаңы эритмелер жана композиттер пайдаланылат. Соңку он жылдыктарда окумуштуулар өтө байкалбаган жана абдан бекем авиациялык материалдар жаатында кыйла алдыга озуп барат. Абага жүздөгөн тонна металлды көтөрүп чыгып, бурулуп, чоң жүктөр менен учууда бул абдан маанилүү. Ошол эле убакта эксперттер келечектүү бомбалоочу учак үнгө чейинки, болду-болбоду саатына миңдеген чакырымдагы, максималдуу – үн тездигинчелик бар крейсердик ылдамдыкта жасаларын болжошот.
"Стабилизатор жок учурда ар кандай чумкуу жана бийикке көтөрүлүү учурлардын ордун толтуруу татаал, — деп түшүндүрөт Попов. — Бирок конструкторлор кандайдыр компромисске келишкен. "Учуучу канаттын" кеңдиги чакан бийиктиктерде учууга, жерде маневрдүүлүктү сактоого, ал эми аба сейрек кездешкен 20 чакырымда канат жетишерлик өйдөлөөчү күчтү берет. Бомбалоочу учак жерден болушунча жапыз учуп, "буктурмадан" сокку уруп, ошондой эле стратосфердик эшелондон душманга натыйжалуу чабуул кое алат".
Кансыз согуштун ардагерлери
Анткен менен келечектүү "стратегдин" сериялык өндүрүшү жана бөлүктөрдү жапырт жабдуу жөнүндө кеп козгоо али эрте. Ракета ташуучуларды өркүндөтүү азырынча уланып келет. РФтин Аба-космостук күчтөрүн терең заманбапташтырылган Ту-160М бомбалоочу учагы менен жабдуу быйыл башталууга тийиш. Жакынкы жети жылда мындай машиналардын авиапаркы бир жарым эсеге көбөйөт.
Жаңыртылган "Ак куулар" 1970-жылы америкалык үндөн ыкчам B-1 Lancer бомбалоочусуна жооп катары иштелип чыккан Ту-160 дүйнөдөгү эң кубаттуу жана үндөн ыкчам ири учагынын негизинде жасалууда. 1992-жылы СССРдин Аскердик аба күчтөрүндө мындай машинадан 35 бирдик болгон.
Союз ыдырагандан кийин алардын 19у Украинага тийген. Россия алардын сегизин гана кайтара алган, калганын Киев утилизациялаган. Россияда Ту-160тын өндүрүшүн кайра жандандыруу 2015-жылы башталган. Саптык бомбалоочу учактын негизинде куралган алгачкы сынамык ракета ташуучу былтыр февралда абага көтөрүлгөн. Кийинкилеринин баарын башынан баштап курушат. Аларга учуш ыраактыгын миң чакырымга көбөйткөн жаңы НК-32-02 кыймылдаткычтар орнотулат. Ошондой эле заманбап борттук тутумдары, көзөмөл жана навигация каражаттары, радиоэлектрондук күрөш комплекстери жана куралды башкаруу тутумдары иштелип чыккан.
Стратегиялык авиациянын дагы бир "аксакалы" — Ту-95 бомбалоочу учагы. Ага НАТОдогулар "Медведь" деген ат койгон, ал 1950-жылдардын ортосунда катарга алынган. Заманбапташтырылган Ту-95МСти 1981-жылдан тарта чыгарып келишет, бул дүйнөдөгү жападан жалгыз жана эң ылдам турбовинттик учак болуп саналат.
Ракета ташуучунун максималдуу ылдамдыгы — саатына 830 чакырым. Бортуна 20 тонна аскердик жүк батырып, аны он миң чакырымдык аралыкка жеткире алат. Жайында заманбапташтырылган "Медведь" Ту-95МСМ алгач ирет көккө көтөрүлгөн. Үндөн ыкчам "жүз алтымыштардай" эле Ту-95 да эң акыркы үлгүдөгү курал комплекси жана борттук жабдыктар менен жабдылмакчы.
Учак ресурсу кеңейтилген кубаттуу күч орнотмолоруна ээ болушат. Иштеп чыгуучулардын маалыматына таянсак, заманбапташтырылгандан кийин Ту-95тин аскердик мүнөздөмөлөрү эки эсеге жогорулайт.