РФ бажысы: КРде "тигилген" дүйнөлүк бренддердин товарлары ара жолдо калды

Эки жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Москва шаарына бара жаткан. Ыкчам кызматкерлер Chanel, Gucci, Louis Vuitton, Adidas, Puma жана Paul & Shark бренддеринин белгилери коюлган көйнөк, шым, футболка, шейшептерди тапты.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты. Бул тууралуу Урал бажы башкармалыгынын сайтында айтылат.
1 / 4
Тюмень шаарында (Россия) бажычылар Кыргызстандан аткезчилик менен келе жаткан товарды кармашты
2 / 4
Маалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон
3 / 4
Товарды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес
4 / 4
Бардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.
Маалыматка караганда, ал жерде "дүйнөлүк бренддердин товарлары" болгон.
"Интеллектуалдык менчик укуктары бузулган товар менен эки жүк ташуучу унаа Кыргызстандан Москва шаарына бара жаткан. Ыкчам кызматкерлер товарларды карап жатып Chanel, Gucci, Louis Vuitton, Adidas, Puma жана Paul & Shark бренддеринин белгилери коюлган көйнөк, шым, футболка, шейшептерди таап алды", — деп айтылат билдирүүдө.
Товарды алып бара жаткан тарап анын оригинал экенин тастыктоочу документтерин көрсөткөн эмес.
Финпол "Достук" посту аркылуу аткезчилик менен товар ташыгандарга иш козгоду
Тюмень бажысынын Бажы көзөмөлү кызматынын жетекчиси Александр Решетниковдун билдирүүсүндө, мындай мыйзам бузуунун кесепетинен 22 миллион рублдик чыгым келтирилген.
Аталган факты боюнча РФтин Кылмыш жана жазык кодексинин 180-беренесине ("Товардык белгини мыйзамсыз пайдаланып, ири өлчөмдө чыгым алып келүү") ылайык кылмыш иши козголду. Күнөөлүүлөр эки жылга эркинен ажырап, 80 миң рубль өлчөмүндө айып төлөшү мүмкүн.
Бардык чогулган материалдар полицияга өткөрүп берилгени белгилүү болду.