Латвия бийлиги басым жасаган журналист: үйүмдү тинтип, буюмдарымды алып кетишти

Яковлев анын ЖМКсы Латвиянын мыйзамдарына ылайык иштеп келгенин айтып, бирок аны мыйзам чегинде "Россия сегодня" эл аралык агенттигине өткөрүп берген. Яковлев ушул себептен улам ага кылмыш иши козголгонун болжоп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Латвиялык журналист, Baltnews.lv агенттигинин мурдагы редактору Андрей Яковлев күч органдары аны эмнеге кармаганын жана үйүн кантип тинтүүгө алышканы жөнүндө айтып берди.
Журналисттин баяны Russia Today агенттигинин #Своихнебросаем долбоорунун алкагында чыгарылып жатат. 
Изъяли даже то, что не нужно — журналист, которого задерживали в Латвии
Андрей Яковлев 2020-жылдын 3-декабрында Латвияда кармалган орус тилдүү журналисттердин бири. Ал бул өлкөдө Baltnews.lv агенттигин негиздеген.
Журналист Латвиянын Кылмыш-жаза кодексинин 84-беренеси боюнча ("Латвия менен эл аралык уюмдардын бекиткен эрежелерин бузуу) айыпталып жатат. Анын айтымында, ошол күнү бирөөлөр келип эшигин такылдаткан. Журналист аны муниципалдык полиция экен деген ойдо эшигин ачканда үйүнө бет капчан кишилер менен медициналык маска кийген тергөөчү кирип келген. Күч органдарынын өкүлдөрү соттун токтомун көрсөтүп, үйдү тинтүүгө алышкан.
"Кереги бар, кереги жок нерсени дагы алып кетишти. Альбомдорго чейин карашты. Жакында эле модем менен роутерди беришти, себеби анда аларга керектүү маалымат жок болчу", — деди журналист.
Яковлев анын ЖМКсы Латвиянын мыйзамдарына ылайык иштеп келгенин айтып, бирок аны мыйзам чегинде "Россия сегодня" эл аралык агенттигине өткөрүп бергенин белгиледи. Натыйжада россиялык ЖМКларда иштеген журналисттерге латвиялык журналисттердин статусу берилген. Яковлев ушул себептен улам ага кылмыш иши козголгонун болжоп жатат.
"Бул аракеттер кайсы бир россиялык таасирлерди жок кылууга багытталган. Башкача айтканда, маалыматтык талааны тазалап, альтернативдүү пикирди чагылдырган ЖМКларды жолдон алып салгылары келип жатат", — деди ал.
Эске салсак, 2020-жылдын 3-декабрында Латвиянын Мамлекеттик коопсуздук кызматы Sputnik Латвия жана Baltnews агенттиктеринин жети өкүлүн кармаган.
РФ ТИМи Украина менен Балтикада ЖМКга жасалган басымга тынчсызданууда
Балтиканын башка мамлекеттеринде да журналисттердин укугу байма-бай бузулуп жатканы белгиленген. Мисалга, 2019-жылы Литванын парламенти Sputnik Литва сайтын жаап салууну сунуштаган. Ал эми агенттиктин башкы редактору кармалып, беш жылга чет өлкөгө куулган. 2019-жылдын соңунда Эстониянын бийлиги Sputnik агенттигинин журналисттери ишинен кетпесе кылмыш иши козголо турганын айтып коркутушкан.
Россия ТИМи мындай көрүнүштөрдү демократиялык коомдун негиздерин тепселөө катары сыпаттады.
Тышкы иштер министрлиги бул көйгөйлөрдү эл аралык аянттарда көтөрүп турмакчы.