ЕАЭБ пенсиясын кимдер кандай шартта алышат? 7 суроого жооп

Шейшемби, 12-январь күнү, ЕАЭБ курамындагы мамлекеттердин жарандарын пенсия менен камсыздоо боюнча Евразия экономикалык комиссиясы иштеп чыккан келишим күчүнө кирди.
Sputnik
Никита Чикунов
Ал биримдикке кирген бардык өлкөлөрдүн аймагында ишке ашат. Россия, Казакстан, Беларусь, Армения жана Кыргызстан мигранттарга пенсия төлөп берүүгө милдеттүү.

Эмгек стажы кантип эсептелет?

2021-жылдын 12-январынан кийинки гана учур эске алынат. Эгер бир өлкөдө иштеген стаж пенсияга чыгууга жетиштүү болбой жатса, ЕАЭБге кирген башка мамлекеттеги иштеген учурлар кошо эсептелет.
Кайсы өлкөдө иштеп жүргөн мигранттар пенсия алуу укугуна ээ? Сереп
Пенсияны ким ала алат?
Пенсия алыш үчүн мигрант аталган келишим күчүнө киргенден баштап өлкөдө бери дегенде 12 ай иштеши зарыл. Мындан тышкары, ал эмгектенип жаткан мамлекеттин социалдык же пенсиялык фонддоруна убагында тиешелүү төлөмдөрдү төлөп турууга милдеттүү.

Пенсия кантип чегерилет?

Пенсияга курагы жеткен жаран тиешелүү документтерин чогултуп, иштеп жаткан өлкөнүн социалдык же пенсиялык фондуна кайрылуусу зарыл. Эгер документтери жайында болсо, ал өз мекенине барып отурбай, ошол эле жерден пенсиясын ала баштайт.

Пенсия кайсы төлөмдөрдөн куралат?

ЕАЭБ пенсиясы базалык жана экспорттолгон болуп эки бөлүктөн турат. Биринчи бөлүгү адам жашаган мамлекет тарабынан төлөнөт. Экспорттолгон бөлүгүн ал мурда иштеген өлкө (ЕАЭБдин курамындагы) жиберип турат.
Мамдума депутаты: кыргызстандыктар Россияда ишсиз калбайт
Мисалы, Кыргызстандын жараны аталган келишим күчүнө киргенден кийин Россияда — беш, Беларуста — төрт, Арменияда — бир жыл иштеп, кийин мекенине кайтты дейли. Ал жакта дагы бир аз убакыт эмгектенди. Демек, ал төрт мамлекеттен тең пенсиясынын экинчи бөлүгүн алат. Ал эми базалык бөлүгүн ага ошол учурда жашап жаткан өлкө катары Кыргызстан төлөйт.

Кайсы өлкөдө базалык пенсиянын көлөмү кандай?

Башка өлкөгө кетсе, пенсиянын көлөмү өзгөрөбү?

Бир өлкөдөн экинчисине көчүп кете турган болсо, пенсиянын көлөмү кайра каралып чыгат. Анткени жогоруда айтылгандай, базалык бөлүктүн көлөмү ар кайсы өлкөдө ар башка. Бирок эмгек стажы боюнча пенсиясы мурдагыдай кала берет.

Ким пенсия ала албайт?

ЕАЭБ пенсиясын күч органдарынын кызматкерлери, аскер адамдары жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү ала албайт. Ошондой эле булардын катарын мамлекеттик кызматкерлер дагы толуктайт.