Унаа экиге бөлүнүп кеткен. Чүйдө эки киши ажал тапкан жол кырсыктын видеосу

Кырсык бүгүн түштөн кийин Токмокко жакын жерде болгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Чүй облусунда жол кырсыгынан эки киши каза таап, дагы бири ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине аймактын Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.
Каргаша бүгүн саат 13:00дөр чамасында Бишкек — Торугарт унаа жолунун 73-чакырымында болгон.
"Болжолдуу маалыматтар боюнча, Mercedes Benz унаасынын айдоочусу Ысык-Көл тарапка бара жаткан. Ал рулду башкара албай каршы тилкеге чыгып, башка машина менен бет маңдай кагышкан. Кырсыктын кесепетинен эки киши көз жумуп, дагы бири жабыркады", — дешти милициядан.
Жол кырсыктын чоо-жайы такталууда.