Маданият министрлиги Курал Чокоев менен Кайрат Примбердиевге чара көрдү

Кайрат Примбердиевди КР эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу боюнча Маданият министрлигинин сунушу президенттин аппаратына жөнөтүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 13-янв. — Sputnik. Маданият, маалымат жана туризм министрлиги коомчулуктун сынына кабылган Курал Чокоевдин чуулгандуу автордук программасы боюнча талкуу жүргүзүп, бир катар чечимдер кабыл алынганын билдирди.
Ага ылайык, министрликтин 2011-жылдын 12-июнундагы буйругу менен Курал Чокоевге ыйгарылган "Маданияттын мыкты кызматкери" төш белгисин кайтарып алуу буйругуна кол коюлду.
Министрлик: концертти фонограмма менен бергенге тыюу салууну күчөтөбүз
Ал эми Кайрат Примбердиевди КР эмгек сиңирген артисти наамынан ажыратуу боюнча Маданият министрлигинин сунушу президенттин аппаратына жөнөтүлгөн.
Мындан сырткары, бул эки ырчыны министрлик өткөрө турчу мамлекеттик маданий-массалык иш-чараларга белгилүү мөөнөткө чейин катыштырбоо сунушталганы айтылды.
Эске салсак, буга чейин Курал Чокоевдин чет элдик көрсөтүүлөрдү туураган долбоору чыгып, аны интернет колдонуучулары катуу сынга алышкан. Ырчы Кайрат Примбердиев жана Кайрат Кыргыз катышкан бул долбоордо коомго жат, адепсиз сөздөр айтылат. Буга чейин министрлик аларга карата чара көрүлө турганын айткан.