Мүлктүн баары өзүнүкү эмес. Жогорку сот судьяны айыптаган УКМКга жооп берди

Жогорку сот УКМК Конституциянын 26-беренесинде көрсөтүлгөн күнөөсүздүк презумпциясын бузуп жатканын эскертти.
Sputnik
БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Жогорку сот судьяны мыйзамсыз баюуга айыптаган УКМКнын билдирүүсүнө жооп кайтарды.
Шубасы 5000, өтүгү 1000 доллар. Ташиевдин сотторго тиш кайраган видеосу
Жогорку соттун маалымат кызматы УКМК пресс-релиз таратуу менен Конституциянын 26-беренесинде көрсөтүлгөн күнөөсүздүк презумпциясын бузуп жатканын эскертет.
"Судья өзү ээлик кылган жана ижарага алып иштеткен кыймылсыз мүлктүн баары декларацияда жазылган. Анын өзүнүн да, туугандарынын да Ысык-Көлдө кыймылсыз мүлкү жок. Көрсөтүлгөн объектилердин көбүнүн судьяга тиешеси жок. Ал эми мамлекеттик кызматкерлердин эмгек өргүүгө чыкканда чет өлкөгө барууга чама-чаркы жетет. Жеткиликтүү баадагы турлар бар", — деп айтылат маалыматта.
Мындан сырткары, УКМК жарыялаган өлкөлөрдүн кээ бирине судья эс алууга эмес, иш сапар менен барганы белгиленген.
Ошондой эле Жогорку сот мыйзамсыз жол менен тапкан каражатына чет өлкөгө чыгып жатат деген кепти коомчулукка таңуулоо туура эмес экенин кошумчалады.