Жылмайган, ойлонгон Садыр Жапаров. Шайлоодо алдыда келе жаткан саясатчынын сүрөттөрү

Sputnik

Садыр Жапаров 1968-жылы 6-декабрда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районунун Кең-Суу айылында туулган. Саясатка ал 2005-жылы аралашып, эки ирет ЖКнын депутаты болгон. Кийин ал соттолуп, 11 жыл 6 айга кесилген. Мөөнөтү бүткүчө эле, 2020-жылдын октябрь айында абактан чыгып, дароо КРдин премьер-министри, президенттин милдетин аткаруучу болуп иштеген.

1 / 16
Садыр Жапаров саясатка 2005-жылы аттанган. Ал эки жолу (2005, 2010) Жогорку Кеңештин депутаты болгон
2 / 16
Сотто отурган Жапаров. Ал кишини барымтага алган деп айыпталып, 11 жыл 6 айга кесилген
3 / 16
2017-жылы №1 тергөө абагында жаткан учурунда кан тамырлары менен кекиртеги кесилип, ооруканага түшкөн. Кийин ал мындай кадамга өзү барганын айткан
4 / 16
Апасына топурак салуу үчүн барган саясатчы. Анын энеси Кадича Жапарова 2019-жылдын март айында дүйнө салган
5 / 16
5-6-октябрдагы окуялар. Эски аянтка топтолгон тарапташтарынын так ортосундагы Жапаров
6 / 16
Камчыбек Ташиев менен кучакташкан Садыр Жапаров
7 / 16
14-октябрда Жапаров ЖК тарабынан премьер-министрликке дайындалган. 15-октябрда ошол учурдагы өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков отставкага кете турганын билдирип, анын милдеттери өкмөт башчы Садыр Жапаровго өткөн
8 / 16
15-октябрдан кийин Садыр Жапаров эки тизгин бир чылбырды колуна алып, премьер-министр жана президенттин милдетин аткарып баштаган
9 / 16
Бул сүрөттө Садыр Жапаровдун оң жагындагы көз айнекчен бала анын экинчи уулу Рустам экенин көрүүгө болот. Ал баласы 2019-жылы үйлөнгөн
10 / 16
Жээнбековдун такты өткөрүп берген күнү
11 / 16
Ата-Бейитте гүл көтөргөн Садыр Жапаров жана экс-президенттер
12 / 16
Өкмөт башчы учурунда Садыр Жапаров өлкөнүн дээрлик бардык аймагын кыдырып, элдин үнүн укканга аракет кылган
13 / 16
Мамлекеттик тилди билүү деңгээлин аныктаган тестирлөөдөн өтүп жаткан Жапаров
14 / 16
Ноябрдын 14үндө Жапаров президенттик ыйгарым укуктарын тапшырып, премьерлик кызматын токтотту
15 / 16
Ал ажолукка аттанып, 17 талапкер менен ат салышкан
16 / 16
10-январь күнү Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 80 пайыз добушун алып, президенттик шайлоодо алдыда келе жатат