БИШКЕК, 11-янв. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путиндин демилгеси менен Москвага Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Армениянын башчысы Никол Пашинян келип, сүйлөшүп жатышат. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Жолугушуу Кремлде өтүп жатат. Алиев менен Пашинян Москвага дүйшөмбү күнү эртең менен учуп келишти.
Тоолуу Карабахтагы кырдаал былтыр 27-сентябрда курчуган. Согуштук чырдын башталышына Армения менен Азербайжан бири-бирин айыпташат. Россия, АКШ жана Франция лидерлери каршылаш тараптарды кагылышууларды токтотууга жана тез арада сүйлөшүүлөрдү баштоого чакырышкан.