Тизилген жан алгычтар. Карабахтын аянтын жарылуучу заттардан тазалаган видео

Россиянын Коргоо министрлигинин миналарды зыянсыздандыруу боюнча эл аралык борбору Тоолуу Карабахтын аймагын жарылуучу куралдардан тазалоо иштерин жүргүзүүдө.
Sputnik
RT телеканалынын маалыматына караганда, табылган куралдарды адистер атайын жабдылган полигонго алып барып жок кылып жатышат.
Кадам сайын жарылбасын! Карабахтагы миналарды зыянсыздандыруу аракеттери
Мина коюлган талаалар, жарылбай калган ок-дары жана колго жасалган жарылуучу түзүлүштөр аймактардын жаңжалдан соңку башкы көйгөйүнө айланды.
Өмүргө дайым кооптуулук туудурган жагдайдан бир мисал – 23-ноябрдагы Мадагиз айылынын четиндеги Азербайжан, РФ аскер кызматкерлери жана таанылбаган Тоолуу Карабах республикасынын Өзгөчө кырдаал министрлигинин кызматкерлер тобунун жарылышы болду. Жаңжал аймагында мындай кооптуулук тынчтык орнотуучуларды, сапёрлор жана куткаруучуларды күн сайын тооруйт.