Садыр Жапаров: Россия Кыргызстандын башкы өнөктөшү бойдон калат

Маалымат жыйын учурунда журналисттердин бири ага "Россия өлкөсү менен КРдин алакасы мындан ары кандай болот?" деген суроону узаткан.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Россия Кыргызстандын негизги өнөктөшү бойдон кала берет. Бул тууралуу Садыр Жапаров президенттик шайлоодон кийин маалымат жыйында билдирди.
Ага журналисттердин бири "Россия менен КРдин алакасы мындан ары кандай болот?" деген суроону узаткан.
"Россия — башкы стратегиялык өнөктөш. СССР ураганга чейин 70 жыл чогуу жашадык. Андан кийин 30 жылдан бери мурдагыдай алакада тыгыз кызматташып келе жатабыз. Россия азыр дагы Кыргызстандын негизги өнөктөшү болуп кала берет", — деди Жапаров.
БШКнын акыркы маалыматтары боюнча, Жапаров шайлоочулардын 80 пайыз добушун алып, президенттик шайлоодо алдыда келе жатат.
Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.