БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу, ЖК төрагасы Талант Мамытов өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумда добуш берди. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Мамытов Бишкектеги "Белек" маданий-оюн-зоок борборунун имаратындагы № 1053 шайлоо участогунда добуш берген.
Өлкөдө президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш берүүгө 3,5 миллиондон ашык киши катталган. Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды.
Шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.