Шайлоодогу мыйзам бузууларды өкмөттүн call-борборуна кабарлоого болот. Номерлер

Call-борборго шайлоочулар комиссия мүчөлөрү жана байкоочулар гигиеналык-санитардык эрежелерди сактабаса, шарттарды түзбөсө жана башка мыйзам бузуулар байкалса чала алат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президентти шайлоодо жана өлкөнүн башкаруу формасын аныктоо референдумунда мыйзам бузуулар болсо телефон аркылуу өкмөткө кабарлоого болот. Бул тууралуу вице-премьер, шайлоо боюнча штабдын төрагасы Максат Мамытканов билдирди.
Анын айтымында, министрлер кабинетинде Call-борбор иштеп жатат.
Номерлер:
Мамытканов белгилегендей, аймактан чалам дегендер шаардын коду 312ни кошо териши керек. Чалуулар стационардык да, уюлдук да телефондон бекер жүргүзүлөт.
"Добуш берүүчүлөр шайлоо участогунда электр жарыгы же интернет жок болсо, шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү жана байкоочулар гигиеналык-санитардык эрежелерди сактабаса жана башка мыйзам бузуулар байкалса ишеним телефондоруна чалса болот", — деген Мамытканов.
Шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.