БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Президенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгы менен алдыда келе жаткан Садыр Жапаров жакынкы 1-2 жылда Кыргызстан кандай абалда болорун айтты.
Ушул тапта Бишкек шаарында Жапаров журналисттерге маалымат жыйынын өткөрүп жатат. Ага ЖМК өкүлдөрүнүн бири "тышкы карызды кутулуу боюнча кандай пландарыңыз бар" деген суроо берди.
"Алдыдагы 1-2 жыл өтө кыйын болот. Экономика, энергетика тармагы оор абалда. Саясий жактан туруктуулугубуз дагы бекем эмес. Ачыгын айтышыбыз керек, жакынкы жылдары кыйналабыз, бирок үч жылдан кийин тышкы карызды толугу менен жаба баштайбыз", — деди Жапаров.
Эске салсак, бүгүн Кыргызстанда президенттик шайлоо өттү. Алдын ала жыйынтык боюнча, Жапаров атаандаштарын бир топ артка калтырды.
Президенттик шайлоодон кийинки кырдаал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик баяндамасынан тааныша аласыздар.