Референдумда президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Соңку маалымат

Кечки саат 20:45ке карата алынган маалымат боюнча, референдумга 1 140 249 жаран катышканы белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Референдумдун алгачкы жыйынтыгы боюнча президенттик башкарууну тандагандар утуп чыкты. Бул тууралуу БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Шайлоодон кийинки кырдаал. Сүрөт, тексттик баяндама жана видео
Президенттик башкарууну 81,19 пайызы, ал эми парламенттик башкарууну 10,71 пайызы тандаган. Баарына каршы болгондор 4,39 пайызды түздү.

Президенттик шайлоо жана референдум

Бүгүн өлкө боюнча 2 474, ал эми чет өлкөдө 48 шайлоо участкасы иштеди. Жалпы жонунан 3 563 574 кыргызстандык добуш берүү укугуна ээ болгон.
Мамлекет башчылыкка 17 талапкер ат салышып, алдын ала жыйынтык боюнча Садыр Жапаров алдыга озуп чыкты.
Кыргызстанда шайлоодон кийин абал кандай облуп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.