Элчилик Москвадагы мекендештер кантип добуш берип жатканын айтып берди

Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди. Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекке туруп жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. КРдин Москвадагы элчилигинде өлкө башчыны мөөнөтүнөн мурда шайлоо жана башкаруу формасын аныктоо боюнча референдумга добуш берүү кандай жүрүп жатканын Sputnik агенттигинин кабарчысына мекеменин маалымат катчысы Алмаш Алтымышева айтып берди.
Ал белгилегендей, Москва чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат. 
"Аталган шайлоонун алкагында 28 өлкөдө 48 шайлоо участогу ачылган. Анын 15и эле Россияда жайгашкан. Жарандардын көптүгүнө байланыштуу беш участок Москвада жайгашкан", — деди элчиликтин өкүлү.
Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди. Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекте туруп жатат.
1 / 3
Москва чет мамлекеттен туруп добуш бердирткен мамлекеттердин сап башында турат
2 / 3
Добуш берүү жайларында кезек эртең мененки 8ден тарта эле башталганы белгиленди
3 / 3
Элчиликтин имаратынын алдында дайыма 50, кээде 100дөй киши кезекте туруп жатат.
Алтымышева кошумчалагандай, жалпысынан чет мамлекетте 50 миңдей шайлоочу катталса, анын 17 891и Москвада турат.
"Учурда Москва боюнча президентти шайлоого 1212 киши, референдумга 1143 адам добушун берди. Шайлоонун өзгөчөлүгү — жаранга эки бюлетень берилет, бирок бир эле шайлоого катышам десе өзү чечет. Экөөнө тең катыш деген кыйноо жок. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 20:00гө чейин добуш берсе болот", — деди Алтымышева.
Сааттардагы айырмачылыктардан улам Түштүк Сахалиндеги шайлоо пункту жабылган. Болжолдуу маалыматтар боюнча, ал жакта президентти шайлоого 459, референдумга 458 киши добушун берди.