Спортчулар чогулуп жатабы? Милиция "Достук" мейманканасын текшерүүдө

Учурда милиция кызматкерлери аталган мейманканага барып, ал жердеги адамдарды жана кызматкерлерди суракка алып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. "Достук" мейманканасына спорттук түзүлүштөгү балдарды алып келип жайгаштырууда деген маалымат түшүп, милиция текшерип жатат. Бул тууралуу ИИМдин Тергөө кызматынын башчысы Султан Макилов билдирди.
Аталган факты Бишкек ШИИБдин маалыматтык журналына катталган.
"Учурда милиция кызматкерлери аталган мейманканага барып, ал жердеги адамдарды жана иштеген кызматкерлерди суракка алып жатат. Кандай максатта келгени жана айтылган кептерге тиешелүүлүгү каралууда. Спортчулардын бар-жогу да такталып жатат", — деди Макилов.
Шайлоо участкалары саат 20:00дө жабылды.
Кыргызстанда шайлоодон кийин абал кандай болуп жатканын Sputnik даярдаган тексттик трансляциядан окуп-билүүгө болот.