БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Өмүр бою эркинен ажыратылып АКШда жазасын өтөп жаткан Жохар Царнаев түрмөдөгү шарттарга даттанып, сотко кайрылды. Бул тууралуу Boston Herald басылмасы жазды.
Ал Бостондогу (АКШ) жардырууну уюштурган деп айыпталып, учурда Флоренс шаарындагы өтө татаал режимдеги абакта камалып турат.
Арызында ал дискриминация жана абак сакчылары тарабынан мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын айтып, федералдык бийликтен 250 миң доллар өлчөмүндө компенсация талап кылган. Тагыраагы, ал сакчылар баш кийимин тартып алганын, жуунууга кез-кезде гана уруксат берилерин жазган.
Царнаев 400 доллар өлчөмүндөгү пошлинаны төлөп, документтерди толук бербегендиктен азыр карала электиги айтылат.
Соттолгон Царнаев АКШда мыйзамга каршы иштерди жалгыз эмес бир тууганы менен биргеликте кылган. Кыргызстандан чыккан бир тууган Царнаевдер 2013-жылдын 15-апрелиндеги Бостондогу (АКШ) жардырууну уюштурган деп айыпталган. Ошол күнү үч киши мерт болуп, 280ден ашуун адам ар кандай жаракат алганы маалым. Тамерлан Царнаев полиция менен атышууда ок жеп, ооруканада кансырап жан берген. Ал эми Жохар айыптуу деп табылып, эркинен ажыратылган.
Бир туугандар 1990-жылдары Токмок шаарында жашаган. 2000-жылдары үй-бүлөсү менен АКШда качкын катары баш паанек сураган. Америка бийлигинин чечимин күтүп, Дагестанда жашашкан. 2002-жылы АКШга барышкан.