COVID, сасык тумоо болуп жаткандар кантип добуш берет? Министрдин жообу

Министр ооруларды алдын алуу үчүн бет кап тагынып, аралыкты сактап, антисептик колдонууну эскертти. Ошондой эле шайлоо участокторуна балдарды алып келбөөнү кошумчалады.
Sputnik
БИШКЕК, 10-янв. — Sputnik. Коронавирустун белгилери бар адамдар кантип добуш бере аларын саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев маалымат жыйын учурунда айтып берди.
"Курч кармаган вирустук инфекцияга кабылгандар, грипп болуп жаткандар, анын ичинде коронавирустун белгилери барларга кечки саат 18:00дөн кийин добуш берүүгө катышуу сунушталат", — деди Бейшеналиев.
Министр ооруларды алдын алуу үчүн бет кап тагынып, аралыкты сактап, антисептик колдонууну эскертти. Ошондой эле шайлоо участокторуна балдарды алып келбөөнү кошумчалады.
БШК шайлоочулардын көбү кайсы аймакта жашай турганын айтты
Буга чейин санитардык нормаларды көзөмөлдөө үчүн ар бир шайлоо участкасында экиден медик иш алып барары айтылган.
Өлкөдө президенттик шайлоо жана башкаруу формасын аныктаган референдумга добуш берүүгө 3,5 миллиондон ашык киши катталган. Кыргызстанда жалпы жонунан 2 474, ал эми чет өлкөлөрдө 48 шайлоо участкасы ачылды.
Шайлоо кандай өтүп жатканын Sputnik жүргүзүп жаткан тексттик трансляциядан окуп билүүгө болот.