БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Twitter социалдык тармагынын акциясы 8-январда АКШнын учурдагы президенти Дональд Трамптын аккаунту блокко алынгандан кийин 4 пайызга арзандап кетти. Бул тууралуу FoxNews телеканалына таянып "Известия" жазды.
Маалыматка ылайык, жума күнү күндүз акциялар 51,48 доллардан сатылып жаткан, бирок кечинде 20:00дөн кийин 49,54 долларга же күндүзгү нарктан 3,77 пайызга арзандаган.
Трамптын Twitter аккаунту блоктолгону тууралуу 8-январдын кечинде маалым болгон. Соцтармак зордук-зомбулукка чакырыктарды алдын алуу үчүн президенттин аккаунтун жаап салууга аргасыз болгонун айткан. Буга кошумча Twitter жетекчилиги Трамп колдонгон башка баракчаларды дагы блоктоону убадалаган.
Ошол эле күнү соцтармак убадасын аткарып, Трамптын Twitter анын оозун жаптырбай тургандыгы боюнча постун жарыялаган штабдын баракчасын тоңдуруп салган.
Twitter АКШ президенти Дональд Трамптын аккаунтун жаап салгандан кийин ал катуу каарданганын ЖМКлар жазды.
6-январда Капитолий курчоого алынганда президенттин тарапташтары бир катар твит билдирүүлөрдү жарыялагандан кийин эле Трамптын аккаунтуна чектөө коюлган.
Трамптын Twitter баракчасынан сырткары анын Facebook, Instagram, Twitch, Snapchat тармактарындагы баракчалары да блоктолгон.