Кыргызстанда көчмө милиция пунктулары пайда болду. Сүрөттөр

Милициянын көчмө пунктулары калкка укуктук жардам көрсөтөт. Алар арыз жана даттанууларга ыкчам түрдө көңүл бурушат.
Sputnik
БИШКЕК, 9-янв. — Sputnik. Чүйдүн Панфилов районунда милициянын көчмө пунктулары иштеп баштады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.
1 / 2
Чүйдүн Панфилов районунда милициянын көчмө пунктулары иштеп баштады.
2 / 2
Ички иштер министрлиги эки ички иштер бөлүмүнө атайын жабдылган кичи автобустарды өткөрүп берген.
Ички иштер министрлиги эки ички иштер бөлүмүнө атайын жабдылган кичи автобустарды өткөрүп берген.
"8-январдан тарта алар кылмышты алдын алуу боюнча иштерди жүргүзө баштады. Алардын аткара турган башкы милдети жарандардын арыз-даттанууларын өз убагында кароо болуп саналат", — деп айтылат маалыматта.
Көчмө милиция пунктунун ар биринде үчтөн көп кызматкер нөөмөттө болушат. Мобилдик кабылдама калкка укуктук жардам дагы көрсөтөт.