Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы кармалды

Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Финансы полициясы тарабынан жемкорлукка шектелип кармалган.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин статс-катчысы Эрмек Мамыркалиев кармалды. Маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигине Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматындагы ишенимдүү маалымат булагы билдирди.
Ал Мамыркалиев коррупцияга шектелип жатканын айтып, толук маалымат бир аздан кийин берилерин убада кылды.
2020-жылы Финансы полициясы Транспорт жана жолдор министрлигиндеги коррупциялык схеманын бетин ачкан. Анын алкагында министрликтин 12 кызматкери кармалган.