Эртең Бишкекте азык-түлүк жарманкеси болот. Дареги

Айыл чарба министрлиги буга чейинки жарманкелерге шаар тургундары оң баа беришкенин билдирип, ата мекендик өндүрүшчүлөрдү колдогон мындай иш-чаралар өлкөнүн бардык аймактарына жайылтыларын айтууда.
Sputnik
БИШКЕК, 8-янв. — Sputnik. Бишкекте азык-түлүк жарманкелери кайрадан жанданат. Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Жаңырган жылдагы алгачкы жарманке 9-январда Киев жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде саат 10:00дө башталат. Ага 40тан ашык компаниянын катышуусу пландалууда. Товарлар дүң баада сатыкка коюлары айтылды.
"Мурунку жарманкелерге жарандар өздөрүнүн оң баасын беришип, кыргызстандыктар арасында суроо-талапка ээ болду. Эң негизгиси, ата мекендик өндүрүшчүлөр канааттанып, өз продукцияларын сата алышты. Ошондуктан биз бул тажрыйбаны өлкөнүн бардык аймактарына жайылтууну улантып жатабыз", — деди айыл чарба министри Тилек Токтогазиев.
Жарманкеге төмөнкү товарлар коюлат:
Кененирээк маалымат алуу үчүн (704) 25-25-55, 0 (222) 55-55-21, 0 (550) 60-40-60 номерлерине кайрылуу сунушталат.
Белгилей кетсек, өкмөт баалардын туруктуулугун камсыз кылуу үчүн декабрь айында азык-түлүк жарманкесин баштаган.