Трамптын соцтармактардагы аккаунттарынын баары блоктолду

Алгач Трамптын аккаунтун Facebook 24 саатка блоктоп салган. Андан кийин Twitter компаниясы 12 саатка тоңдурса, кийин Instagram соцтармагы да баракча блоктолгонун компания башчысы Адам Моссери маалымдады.
Sputnik
БИШКЕК, 7-янв. — Sputnik. АКШнын азыркы президенти Дональд Трамптын социалдык тармактардагы бардык аккаунттары блокко салынды. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады.
Ага ылайык, алгач Трамптын аккаунтун Facebook 24 саатка иштетпей салган. Андан кийин Twitter компаниясы 12 саатка тоңдурса, кийин Instagram соцтармагы да анын аккаунтун блокко салганын компания башчысы Адам Моссери маалымдады.
"Биз дагы президент Трамптын аккаунтун 24 саатка жаап жатабыз", — деп жазган ал Twitter баракчасына.
Белгилей кетсек, бул соцтармактар менен кошо Youtube дагы Трамптын видеокайрылуусун блоктоп, "эреже бузулуп жатат" деп түшүндүргөн.
АКШдагы башаламандык: КР элчилиги мекендештерге кайрылуу жасады
Эске салсак, 7-январга караган түнү Вашингтондо Трамптын тарапташтары Капитолийди басып алып, полиция менен башаламандык уюштургандардын ортосунда кагылышуу болгон. Жыйынтыгында төрт адам каза тапкан.
Башында Трамп Капитолийдин алдынан тарапташтарына анын добушу уурдалып кеткенин айтса, кийин башаламандыкта аларды тарап кетүүгө чакырган.
Эске салсак, АКШда президенттик шайлоо аяктап, добуш берүүнүн жыйынтыгы менен демократ Жо Байден уткан. Бирок Дональд Трамп жеңилгенин мойнуна ала элек.