Денесинин 82%ы күйгөн. Таластагы жарылуудан жабыркагандардын абалы айтылды

Өрттөн жабыркагандардын экөө облустагы биргелешкен ооруканада, сегиз бейтап Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланууда. Алардын арасында жаш бала бар.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги Талас облусундагы тез тамактануучу жайдагы өрттөн күйүк алган адамдардын абалы тууралуу маалымат таратты.
Ага ылайык, учурда 10 адам облустук биргелешкен ооруканасында жана Кара-Буура аймактык ооруканасында дарыланууда. Жабыркагандардын бири жаш бала. Ал эми бир бейтап үй шартында дарыланууга жиберилген.
Кара-Буура аймактык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүндө жаткандар:
Мурдагы Фрунзе заводунда жарылуу болуп, үч адам жабыркады
Эки жабырлануучу Талас облустук биргелешкен ооруканасына которулуп, жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган.
Алар:
Кара-Буура районуна караштуу Кызыл-Адыр айылындагы "Шаурма City" тез тамактануучу жайда 4-январь күнү газ баллон жарылып, өрт чыккан. Кырсыктын келип чыгышына газ баллонду колдонууда өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин бузулушу себеп болгон.