Иштен бошотулган киши Mercedes заводунда 50 автоунааны талкалап салды. Видео

Испаниядагы Mercedes-Benz Espana заводунан иштен бошогон кызматкери ызасы менен 50дөн ашуун автокөлүктү талкалап салгандыгын Periodismo del Motor билдирди.
Sputnik
Окуя Испаниядагы Витория шаарында болгон. 38 жаштагы киши штат кыскартылгандыктан жумушунан бошотулган. Ыза болуп калган адис жетекчисинен өчүн өзгөчө жол менен алгандыгын видеодон көрүүгө болот.
Ал жаңы жыл алдында Caterpillar экскаваторун уурдап чыгып, 21 чакырым жол басып Mercedes заводуна жеткен.
​Mercedes-Benz автоунаалары токтотулган дарбазаны сүзүп кирип, жаңы минивэндерди чекесинен талкалай баштаган. Экс-кызматкер полиция келип аны кармагыча элүү автоунааны жараксыз кылууга жетишкен.
Кытай: мугалимин 20 жылдан кийин кармап алып урган жигиттин видеосу
Ызаланган мурдагы кызматкердин кандайча баарын майыштырып салгандыгын окуяга күбө болгон кишилер видеого тартып алган. Кадрдан V-Class жана Vito үлгүсүндөгү фургондорду көрүүгө болот.
Маалыматта бул окуядан адамдардын жабырланбагандыгын айтышты. Чыгымдын суммасы алты миллион доллардан ашыгыраак деп бааланган.