Ырчы Мирбек Атабеков Бишкектеги ыштан улам үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кетти

Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен биринчи орунга чыкты. 2, 3, 4-орундагы калаалар улам алмашып жатат. Ал эми Бишкек сап башынан түшө элек.
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. – Sputnik. Кыргызстандын белгилүү ырчысы Мирбек Атабеков Бишкектеги ыштан улам үй-бүлөсү менен чет өлкөгө чыгып кеткенин жубайы Мээрим Төлөпберген Twitter баракчасына жазды.
​"Өлкө тышына менин жеке иштерим боюнча чыгып кеттик. Ал эми Мирбек болсо Бишкектин ышынан качат. Акыркы үч жылдан бери жаңы жыл алдында же кийин сыртка чыгууга аракет жасайбыз. Себеби ушундай жол менен гана Мирбектин катуу жөтөлүн токтотуу мүмкүн", — деди Төлөпберген.
Белгилей кетсек, iqair.com сайтындагы маалымат боюнча, Бишкек дүйнөдөгү абасы кир шаарлардын ичинен биринчи орунга чыкты.