Былтыр алтын куймасын сатып алгандар азыр бир топ пайда көрмөк. Рынокко саресеп

Мурдагы жылы Улуттук банктын алтын куймаларынан алгылыктуу киреше табууга мүмкүн болгон. Ал эми былтыр абал кандай болду?
Sputnik
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Өткөн жылы валюта курсу жана алтын баасы улам өзгөрүп жатты. Sputnik Кыргызстан агенттиги Улуттук банктын алтын куймалары менен иштеп пайда көрсө болот беле деген суроонун түйүнүн табууга аракет кылды. 
2020-жылдын 8-январынан быйылкы жылдын 4-январына чейинки мезгилди салыштырабыз. Аталган даталар жыл башындагы алгачкы жумуш күнү болгондуктан тандалып алынды.

Куймалар тууралуу кыскача 

КРдин Улуттук банкы жарандар инвестиция кылып же каражатын сактоосуна шарт түзүү үчүн 2015-жылдан тарта алтын куймаларын сата баштаган. Башкы банк сатуу менен эле чектелбей, кайра дагы сатып алып жаткан. Куймаларды сатуу жана сатып алуу наркы күн сайын Лондондун баалуу металлдар рыногу ассоциациясынын (дүйнөлүк баага барабар) кечки фиксингинин негизинде аныкталат. Демек, баанын термелип турушунан иштеп калууга мүмкүнчүлүк бар. Куймалардын 1ден 100 граммга чейинки салмактагы алты түрү сатыкка коюлат.
Кыргызстандын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго түшүп кетти
Алтындын дүйнөлүк баасы
Лондон рыногунун соңку маалыматтары узаган жылдын 30-декабрында коюлган. 8-январдан бери трой унциясынын баасы 315,65 долларга жогорулап, жалпы наркы 1 887,6 долларды түзгөн.
Бирок жыл ичинде баалар термелип турду, мисалы, мартта 1500 доллардан төмөн болсо, августта 2000ден ашкан.

Улуттук банктын куймаларынан кантип пайда тапса болот

Төмөндө сатуунун наркы бүгүн өткөн жылдын 8-январына салыштырмалуу кандай өзгөргөнү көрсөтүлөт:
Аны менен катар былтыр 8-январда алтын куймасын сатып алып, быйыл 4-январда Улуттук банкка сатсаңыз канча сом табарыңызды эсептеп көрдүк. 
Доллар кайра кымбаттай баштады. Улуттук банк себебин түшүндүрдү
Себеби сатуу да, сатып алуу да 20-мартта эң төмөнкү чекке түшкөн (10 граммдыкты кошпогондо, анда ал сатууга чыга элек болчу), ал эми эң жогорку баа 6-ноябрда болгон.
Эгер эң төмөн баада сатып алып, жогорку чегине жеткенде сатып жиберишсе, мындайча пайда көрмөк:
Эскерте кетсек, жыл башында доллардын курсу 69,5 сомду түзгөн, кийинчерээк ал 85 сомго чейин жетти. Азыркы тапта 83,5 сом болуп турат.