БИШКЕК, 4-янв. — Sputnik. Мөөнөтүнөн мурда өтө турган президенттик шайлоону чагылдыруу үчүн 92 чет элдик журналист Тышкы иштер министрлигинде аккредитациядан өттү. Бул тууралуу БШК кабарлады.
Маалыматка ылайык, аккредитациядан өткөн журналисттер 11 өлкөдөн келишкен.
"ТИМ 30-декабрга карата төмөнкү өлкөлөрдүн ЖМК өкүлдөрүн аккредитациядан өткөрдү: Россия – 33, Япония – 5, Улуу Британия – 14, АКШ – 1, Франция – 5, Катар – 4, Германия – 19, Украина – 1, Тажикстан – 2, Беларусь – 4, Азербайжан – 4", — деп айтылат малыматта.
Кыргызстандын президентин мөөнөтүнөн мурда шайлоо 2021-жылдын 10-январында өтөт. Бул жарышка 18 талапкер аттанып, кийин алардын бири талапкерлигин алып койгон.