Каны кайсы топко киргендердин иммунитети күчтүү болот? Окумуштуулардын ою

Кан тобун аныктоо үчүн тез анализ. Архив
Каны II топко киргендердин организминде вирус жуккан учурда интерферон аз бөлүнүп чыгат дагы, алардын бат ооруй турганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-янв. — Sputnik. Окумуштуулар каны кайсы топко киргендердин иммунитети бекемирээк боло турганын аныкташты. Изилдөөнүн жыйынтыгы 2-январь күнү "Экономика сегодня" агенттигине жарыяланганын "Известия" басылмасы жазды.
Адистер жүргүзгөн изилдөөнүн жыйынтыгы боюнча, кандын тобу вирус жукканда адамдын организминде интерферонду иштеп чыгарууга таасирин тийгизет.
Интерферон — вирус, бактерияга каршы клеткадан бөлүнүп чыккан белок.
Медициналык кызматкерлер ооруканада. Архив
Коронавирустан айыккандардын иммунитети 8 айга чейин созулары айтылды
Вирус, бактерия жукканда каны IV топко кирген адамдардын организминде интерферон көбүрөөк бөлүнүп чыгат. Андан кийин иммунитети бекем адамдардын катарын I жана III топко киргендер толуктайт.
Ал эми каны II топко киргендердин организминде вирус жуккан учурда интерферон аз бөлүнүп чыгат да, алар бат ооруй турганы айтылды.