2020-жыл бүткүл адамзат үчүн чоң сыноо болду. Ал көптөгөн тармак жана багыттарда, анын ичинде энергетикадагы жагдайга да терс таасир этти. Коронавирус гана эмес, COVID-19га байланышкан кырдаал ырбаткан себептер дүйнөлүк энергетикалык рынокторду катуу чайпалтты.
Ковид, транзит, газ жана мунай баалары
Европалык газ рыногунда кырдаал быйыл дээрлик жыл бою абдан татаал болду. Сапары карыган жыл сатып алуучулардын эсинде ковиддик көйгөй толгон бал челектеги кашык сымал калат. Себеби 2020-жылы европалык споттук рыноктогу газдын баасы миң куб.м 40-50 долларга чейин түшкөн учурлар болду. Жалпысынан миң куб.м 100 доллар деңгээлинде кармалып турду, албетте, соңку орточо статистиканы 2021-жылдын башында эле көрө алабыз. Анан да коронавирус эпидемиясы баанын түшүп кетишинин эң негизги фактору болгон жок. Анын башаты 2019-жылы эле башталган. Ал тушта европалык компаниялар жана россиялык "Газпром" 2020-жылдын 1-январынан тарта Украина аркылуу транзити токтотуларын күтүп жер төлөдөгү газ сактагычтарды чоң көлөмдө толтурушкан. Киев менен жаңы транзиттик келишим жөнүндө макулдашууга жетише албай тургандай көрүнгөн.
Ал эми "Түндүк агым – 2", "Түркиялык агымдын" балкандык уландысындай эле 1-январга чейин куруп бүтүрүүгө үлгүрбөй жатышкан. АКШ санкцияларды киргизбегенде дал 2020-жылдын кышында деле долбоорлорду макулдашуу баскычынын кечеңдешинин айынан бул газ түтүктөрү ишке берилмек эмес. Натыйжада керектөөчүлөр да, "Газпром" да европалык жер төлөлөрдөгү газ Украина аркылуу транзиттик ташууларды жабат деп болжошкон. Бирок транзиттик келишимге кол коюлду, ал эми кыш жылуу болду. Мындан улам Европадагы суткалык керектөөнүн көлөмү төмөндөдү. Акыры европалыктар кыштан газ сактагычтары толтура бойдон чыкты.
2020-жылы жыл бою европалык керектөөчүлөр быйылкы кышка камылга көрүүдө жылдагыдан газды алда канча аз сатып алышты. Баага таасир эткен экинчи маанилүү фактор суюлтулган жаратылыш газынын ашкере көптүгү болду. 2019-жылы дүйнөдө газды суюлтуу боюнча ишке киргизилген жана пайдаланууга берилген заводдордун саны боюнча дүйнөдө рекорд коюлган.
Кадыресе кырдаалда да глобалдык экономикада керектөөнүн өсүшү газды суюлтуучу өндүрүштүк кубаттуулуктун көлөмүн кууп жеткенче мынчалык кошумча газды дүйнө бир нече жылда түгөтө алмак.
Европалык рыноктогу кырдаалды Азиядагы жылуу кыш да курчутту. Андан улам аймакта газ баасы төмөндөдү. Суюлтулган газды ташуучулардын көбү мындай шарттарда өз газовоздорун Европага жөнөтүүнү туура табышты. Мындай кадам ансыз да ашып-ташып турган сунуштарга кошул-ташыл болду. Коронавирус абалды ого бетер курчутту. Эң башында Кытайда таралып, КЭР бийлиги стандарттык чараларды көрүү менен күрөшүүгө тырышты. Ооруну жайылтпоо үчүн элдин кыймылын чектеди. Өнөр жай активдүүлүгү кыскаргандыктан энерготашуучуларды, анын ичинде газды пайдалануу азайып, адегенде азиялык, андан соң Европа рынокторундагы бааларды түшүрдү. Өндүрүштүн кыскарышы да Европанын өзүндө газды керектөөнүн төмөндөшүнө азыраак таасир эткени менен өлкөлөрдүн толук жабылышы да роль ойнобой койбоду.
"Газпром" Европа, Түркия жана Кытайда
Жыл бою Россиядан түтүктөгү газды жалгыз экспорттогон "Газпром" эки көйгөйдөн: экспорт көлөмү жана баанын төмөндөшүнөн алмак-салмак кыйналды. Жыл башынан тарта сентябрга дейре газды сатууда түйшүк тартты.
Биринчи жарым жылдыкта "Газпром" газ экспортун 18%га, 78,9 млрд куб. метрге чейин кыскарткан, былтыр 96,4 млрд куб. м эле. Россиядан Европага газ экспорттоо ушундай багытта иш алпарган башка өлкөлөрдүкүнөн да көбүрөөк кыскарды. Бул "Газпромдун" узак мөөнөттүү келишимдериндеги баа түзүү өзгөчөлүгү менен түшүндүрүлөт. Көпчүлүк келишимдерде газдын баасы алты айлык кечеңдөө менен мунайдын баасына жараша түзүлөт. Башкача айтканда, мунайдын бүгүнкү баасын билгендиктен жарым жылдан кийин андай келишимге ылайык газ кандай баада болорун так аныктоого болот. Андан улам 2020-жылдын биринчи жарым жылдыгында мунайга байланган келишимдер боюнча россиялык газдын баасы 2019-жылдын аягындагы баррелдин наркы менен аныкталган. Ал убакта мунай салыштырмалуу кымбат баррели 60-70 доллар турган, споттук рынокко караганда газ да кымбатыраак болчу. Ошондон улам керектөөчүлөр "Газпромдон" сатып алууну азайтып, арзаныраак газ сатып алууну туура көрүштү.
Күзүндө жагдай өзгөрүп, россиялык газдын баасы бир топ ылдыйлады. Буга 2020-жылдын март-апрель айларында мунайдын баасынын төмөндөшү таасир этти. Ошентип Европа арзандай түшкөн россиялык газды сатып ала башташты.
Россиялык газ Түркияга жеткирилиши жөнүндө да өзүнчө белгилей кетүү керек. "Газпромдун" сатуу көлөмү башка өлкөлөргө караганда биринчи жарым жылдыкта былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу бул жакта да түшүп кетти. Ал эми жайында "Газпром" Түркияга газ сатуу боюнча өзүнө таандык биринчи орундан артка чегинди. Мунун бир нече себеби бар. Биринчиден, "Газпромдун" түркиялык компаниялар менен келишимдери мунайга байланган. Ошол себептен россиялык газ баа күрөшүндө мында суюлтулган газ ташуучуларга уттурган. Экинчиден, 2020-жылы дароо бир нече импортчу, анын ичинде Botas мамлекеттик ири компаниясынын да "Газпром" менен келишимдери аяктоодо. Ошондуктан түркиялык өнөктөштөр кийинки мөөнөткө төмөн баага жетишүү үчүн соодалашып россиялык концернге басым кылууга аракет кылды. Россиялык газдын аларга зарылдыгы жоктугун болушунча көрсөтүүгө тырышышты. Ошондуктан жаңы келишимдерге кол коюу үчүн "Газпром" бир топ арзандатууга туура келет.
Үчүнчүдөн, 2019-жылдан тарта Түркия азербайжандык газды TANAP жаңы газ түтүгү боюнча импорттой баштаган, бул да атаандаштыкты күчөткөн. Натыйжада Түркиянын саясий жетекчилиги дал россиялык газдан баш тартууну кубаттайт. Анткени РФ менен Түркиянын Сирия, Ливия жана Тоолуу Карабахтын тагдыры боюнча көз караштары эки ача экени жашыруун эмес.
Туруксуз кырдаал 2019-жылдын декабрында "Сибирь күчү" ачык түтүгүнөн Кытайга россиялык газды берүүдө да байкалган. Жыл башында айрым маалымат каражаттарында "Газпромдун" Чаянда жана Ковыкта кендерин иштетүүдө олуттуу көйгөйлөрү жаралганы туурасында маалымат жарыяланган. Эске салак, булар "Сибирь күчүнүн" ресурстук базасы болуп саналышат.
Келишим боюнча "Газпром" 2020-жылы Кытайды 5 млрд куб.м газ менен камсыздоого тийиш эле, 4,25 млрд куб. метрине "же ал, же төлө" шарты бар. Ал эми биринчи жарым жылдыкта концерн Кытайга 1,57 млрд куб. м гана газ бере алган. Бирок кечеңдетүү газды алуу көйгөйлөрү менен эмес, сатып алуучунун жүрүм-туруму менен түшүндүрүлгөн.
"Газпромдун" жана CNPC келишими жогоруда айтылгандай эле мурда мунайга байланган. Ошондуктан кытайлык ишкана басымдуу бөлүгүн россиялык газга караганда арзаныраак суюлтулган газды сатып алган.
Күзүндө россиялык сырье арзандай түшкөндө CNPC "Сибирь күчү" боюнча импорттун көлөмүн тездик менен көбөйтө баштаган. Ал түгүл "Газпром" 29, 30, 31-декабрда газ берүү келишимдик милдеттенмелерден 66,7%, 73,6% жана 80,6%га ашарын маалымдаган.
Ошондуктан келишимдин алгачкы жылын тараптар аткарып-аткарбаганын түшүнүү үчүн өткөн он эки айдын жыйынтыктоочу статистикасын күткөн оң. Бирок жылдын майнаптуу узаганына күбө болуу ыктымалдыгы жогору. 2021-жыл да газ өндүрүүчүлөр үчүн оңой-олтоң жыл болбойт. Газ рыногундагы сунуштун ашкере арбындыгы жана курч атаандаштык уланат. Бирок былтыркы жылдагыдай жагдайлардын айкалышы эми болбойт.