СССРде жаңы жылды кандай тосушкан? Өткөндү эске салган архивдик сүрөттөр

Sputnik

Биз 50-жылдардан 80-жылдардын аягына чейинки ар кандай мезгилдеги архивдик сүрөттөрдү чогулттук. 1960-70-жылдары кара жана кызыл икралар, шишкебек жана балык дасторкондун көркүн ачкан. Ал эми 1980-жылдары азык-түлүктүн жетишсиздигинен улам майрамга жакшы колбаса, майонез менен буурчак сатып алуу кыйынга турган.

Социализмде жашаган советтик жарандардын дээрлик бардыгы майрамды үйлөрүндө же конокто белгилешип, дасторконду келиштире жайнатып жасаганга аракет кылышкан.

"Тазалыкчылар" легендарлуу тасмадагы ырды үч тилде аткарышты. Видео
Кадимки советтик үй-бүлөнүн жаңы жылга карата жайган дасторконуна оливье жана селёдка салаттары, куурулган тоок, шампан, шпорт менен бутерброд коюлчу. Мындан башка фарш кылганга мүмкүн болгон ар кандай балыктар болгон. Холодец бышырышкан, үй шартында өстүрүлгөн козу карындарын алып келишип, туздалган азыктарды, кадимки тоок жумурткасын да колдонушкан.

Шампан, консерваланган икраны жана таттууларды күн мурун сатып алышкан. Картошка менен бышыра турган тоокту жана мандарин (ансыз майрамды элестетүү кыйын) алуу үчүн базарларга чуркашкан.

Майрамдын алдында жаңы жылдык кече үчүн клубга же кафеге барууга болор эле. Анда жерде шампан жеңил салаттар, албетте анан бий. Ал эми өздөрүн бардар сезген партиянын элиталары, ири ишкана жетекчилери, академик жана белгилүү адамдар ресторандарга барышкан.

1 / 18
СССР Госстроюнун Москвадагы "Гипротис" долбоорлоо институтунун инженери Александр Гусковдун үй-бүлөсүндөгү жаңы жылдык дасторкон. 1972-жыл
2 / 18
Орус ашканасы. Блинчиктерге икра, май, каймак, сүт, кыям жана бал сүйкөлгөн
3 / 18
Жаңы жыл алдындагы Москва. Майрамдык дасторкон үчүн чочко сатып алган аял. 1987-жыл
4 / 18
Оливье салаты – түбөлүк классика
5 / 18
Кремлдин съезддер сарайындагы жаңы жылдык кечеде Аяз атадан белек алган балдар. 1965-жыл
6 / 18
Светлый балык консерва заводунун продуктылары - атлантикалык сельдь, томат соусундагы сельдь, майдагы скумбрия, копперс, сельдь котлеттери
7 / 18
Москва шаарынын Мир проспектисиндеги "Океан" дүкөнү. 1979-жыл
8 / 18
Ресторандагы муздак тамак-аштар бар банкеттик стол. 1963-жыл
9 / 18
Сельдь салаты – дагы бир советтик жаңы жылдагы классикалык салат
10 / 18
Жаңы жыл тоскон москвалык үй-бүлө. 1987-жыл
11 / 18
Москвадагы шампан жана вино заводунан чыгарылган шампан
12 / 18
СССР Мамлекеттик курулуш комитетинин Москвадагы "Гипротис" долбоорлоо институтунун инженеринин бир тууганы Александр Гусков Юрий жана анын апасы Тамара Михайловна майрамдык дасторкон даярдап жатышат. 1970-жыл
13 / 18
Кремль сарайындагы студенттердин жаңы жылдык кечеси. 1956-жыл
14 / 18
Вологда эт комбинатынын продукциялары
15 / 18
Советтик ресторандардын биринде тартылган сүрөт
16 / 18
"Күзгү букет" шоколад кутусу – Минскидеги "Коммунар" кондитердик фабрикасында жасалган продукциялар. Беларусь ССРи
17 / 18
Аяз ата менен Аяз кыздан жаңы жылдык белек алган балдар. 1954-жыл
18 / 18
Елисеевский дүкөнүндөгү жаңы жылдык дасторкон үчүн керектүүлөр. 1954