БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Бир эле убакта курамында кофеин бар суусундуктарды жана алкоголду ичүү жүрөк ыргагынын бузулушуна алып келет. Бул тууралуу "Известия" Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин адиси Оксана Драпкинага шилтеме берип жазды.
Терапевт алкоголду ченеми менен колдонууну дагы бир жолу эскерткен. Ичимдик ичкенден кийин организмди жөнгө салуу үчүн сыр жана эт сыяктуу белоктуу тамактарды жеп турууну сунуш кылган. Алар ичеги-карында алкоголду жайыраак сиңирткенге жардам берет.
Адис спирт ичимдиктерин кофе же энергетикалык суусундуктар менен кошо ичүү жүрөк ритминин бузулушуна алып келерин айтып, буга өзгөчө көңүл бурууга чакырган.
Мындан тышкары, дарыгер спирт ичимдиктери бир катар дары-дармектердин таасирин күчөтүп же өзгөртүп, ден соолукту зыянга учуратышы мүмкүндүгүн айткан. Андыктан өнөкөт оорусу болуп препарат колдонгондор өтө этият болушу керектиги эскертилет.
Адис кошумчалагандай, майрамдын эртеси кофеден көрө суу, мөмө-жемиш же жашылча ширесин, болбосо чөп чай ичкен жакшы. Анткени кофеин заараны тез чыгарып, суусатат.