БИШКЕК, 2-янв. — Sputnik. Афганистанда "Талибан" кыймылы жасаган буктурмага эң кеминде полициянын алты кызматкери кабылып, каза тапты. Бул тууралуу РИА Новости жеке маалымат булагына таянып жазды.
Окуя Афганистандын чыгыш жагында жайгашкан Нангархар провинциясында болгон.
Маалымат берген тараптын айтымына караганда, полициянын жергиликтүү бөлүмү жума күнү Батикот округунда буктурмага кабылган. Анын кесепетинен командири баш болуп алты кызматкер курман болгон. Андан сырткары полициянын төрт кызматкери жаракат алган.