БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Алдыда дагы майрамдык күндөр бар. Мындан улам диетолог Марина Макиша РИА Новости агенттигине ичимдикти канткенде ден соолукка зыян келтирбегидей пайдаланса болорун айтып берди.
Адистин пикиринде, ден соолугун сактайм дегендер спирти көбүрөөк, күчтүү ичимдиктерди ичкени туура.
"Организмге көп, аралашмасы бар ичимдикти сиңиргенден көрө, таза, бирок азыраак спиртти сиңирген оңой. Мисалы, арак, текила, коньяк сыяктуу ичимдиктер ошол эле шарапка салыштырмалуу пайдалуурак", — деди адис.
Ошондой эле ал ичимдикке майлуу жана ачуу тамактарды аралаштырбоо керектигин эскертти.
"Бизде ичимдикти күчтүү, майлуу тамак менен аралаштырып иймей жайыбыз бар. Бирок ичимдиктин организмге киргенде тамак сиңирүү процессин жайлата турган сапаты бар. Демек, спиртке ууланып турган организмге күчтүү тамактарды киргизип алып, ого бетер аны кыйнайбыз. Өзгөчө боор жабыркайт", — деди диетолог.
Ошондой эле ал шарапты жакшы көргөн кыз-келиндерге суу аралаштырып же муз салып ичүүнү сунуштады. Анын айтымында, бул учурда ичимдик көп көрүнүп калат. Бирок таза ичимдиктин өзү азыраак болот.