Миллиондогон бактерия нак тиш щёткага үйүлүп алат! Стоматологдун билдирүүсү

Адистин айтымында, щётканы суу менен жууп койгон жетишсиз. Аны самындап тазалап, андан кийин кылдарын жакшылап чайкоо керек.
Sputnik
БИШКЕК, 1-янв. — Sputnik. Колдонулган тиш щёткада паста менен тамак-аш калдыктары туруп калып миллиондогон бактериянын пайда болушуна алып келет. Бул тууралуу "Известия" агенттиги америкалык стоматолог Сухайль Мохиуддинге таянып жазды.
"Күндө колдонгон тиш щёткаңыз тонналаган микробдорду алып жүрөрүн билесиздерби", — деп жазган ал соцтармактагы баракчасына.
Кечке жууй бербегиле! Стоматолог кариестин алдын алуу жолун айтты
Адистин айтымында, щётканы суу менен жууп коюу жетишсиз. Аны самындап тазалап, андан кийин кылдарын жакшылап чайкоо керек.
Тиш щётканы түндө 3 пайыздык суутек перекиси кошулган суу аралаштырмасына калтырып же бактерияга каршы ооз жуугуч каражатка чылап койсо болот.
Мындан тышкары, дарыгер тиш протезин тазалоочу каражатты колдонууну сунуштады. Эгерде ал жок болсо эки чай кашык сооданы сууга эритип, аралашма даярдаса болот. Андан кийин щётканы жакшылап чайкоону унутпоо керек.