Жаңы жылга карата аба ырайы

30-31-декабрда жана 1-январь түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. 1-январда күндүз Бишкектен башка облустарга кар жаашы ыктымал.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Кыргызгидромет бул аптада, анын ичинен Жаңы жылда аба ырайы кандай боло турганын маалымдады.

Билдирмеге ылайык, 30-31-декабрда жана 1-январь күнү түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.

1-январь күндүз Бишкектен башка облустарга кар жаашы ыктымал. Кыргызгидромет Жаңы жылдын биринчи күнү туман түшүүсү мүмкүн экенин да божомолдоду.

Окуучулардын кышкы каникулу канча күнгө созулат? Расмий жооп
31-декабрда абанын температурасы Чүй, Талас облустарында -1…-6, Ош, Жалал-Абад, Баткен жана Ысык-Көлдө -2…+3 градус, Нарында -4…-9 градуска чейин суук болушу мүмкүн. Бишкекте абанын температурасы -2…-4 градуска төмөндөшү ыктымал.

1-январда Бишкек шаарында абанын температурасы -3…-5 градус суук болсо, Чүй менен Таласта -2…-7, Баткен, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарында -3…+2, Нарында -5…-10 градус суук болушу күтүлөт.