Адатта Дональд Трамп катардагы америкалыктарга өзүнүн Twitter баракчасы аркылуу кайрылат. Бирок бул жолу республикачы-сенаторлорго артка чегинбегиле деген буйругун берүү үчүн ачык байланыш каналын колдонду.
"Президенттик так үчүн күрөшүүгө убакыт келди. Эгер демократтар шайлоодо чындап уткан болсо, алар да күрөшмөк. Фальсификация болгону айдан ачык болуп турат", — деди Трамп. Жадагалса ал Жо Байденди "фейк президент" деп атоого жетишти.
Башкаларды го күрөшүүгө чакырып жатат, бирок акыркы күндөрү өзү колунун учун дагы кыймылдатып койгон жок. Болгону телефонун кармалап, 20-январдан ары оюнга убактысы калбачудай гольф ойногону ойногон.
Кыскасы, ал 6-январь күнү Вашингтонго барууну көздөп жатат. Ал жакта ири нааразычылык акциясы болорун эскертип, "Баргыла, кызык болот!" деп жазып койду.
Азыр башка айласы да жок. Бийликте калуу үчүн Вашингтондогу "Капитолий дөбөсүн" ээлеш керек, бул анын жетер жеринин эң бийик чекити. Тандоочулардын добушун кайрадан алуу мүмкүнчүлүгү, албетте, аз, бирок бар. Ал үчүн АКШнын тарыхындагы эң ыплас шайлоо болуп эсептелген 1876-жылдагы добуш берүүнү эске салуу керек. Анда Ратерфонд Хейз түштүктөгү штаттардын конгрессмендери менен келишим түзүп алып президенттикке шайланган. Конгрессмендер анын аркасы менен кулчулукту кайрадан алып келүүнү кыялданышкан. Мындан улам катуу жаңжал чыгып, аз эле жерден жарандык согуш чыгып кете жаздаган.
Дал ушул нерселерди байкаган Трамп тарапташтарына элдин көзүнчө чакырык таштап, балким коркутуп коюуну дагы туура көрдү окшойт.
Айрымдар дагы деле Трамптан көп нерсе күтсө болорун айтып, аскердик абал киргизип коюшу мүмкүн экенин айтууда. Бирок бул нерсенин дагы жардам берери күмөн болуп калды.