Кыргызстандын алтын запасы бир айда 1,6 млрд. сомго түшүп кетти

Быйыл Улуттук банк алтынды көп сатып алды. Жыл башында запастын баасы 49 миллиард сомдон азыраак эле.
Sputnik

БИШКЕК, 30-дек. — Sputnik. Бир ай ичинде Улуттук банктын алтын резерви 1 миллиард 646,6 миллион сомго азайды. Бул тууралуу мекеменин расмий сайтында айтылат.

Эске салсак, ноябрь айынын башында резервдин көлөмү 83 миллиард 11,1 миллион сомго жетип (рекорд), декабрдын башында 81 миллиард 364,5 миллионго түштү. Бирок себеби айтылган жок.

Белгилей кетсек, кечээ кечинде Лондондогу баалуу металлдар ассоциациясы алтындын унцийи (31,1 грамм) 79 долларга арзандап, 1 810,75 долларды түзгөнүн билдирди. Муну дээрлик дүйнөлүк баа деп айтууга болот.

Доллар кайра кымбаттай баштады. Улуттук банк себебин түшүндүрдү
Бул жылы КР Улуттук банкы алтынды көп сатып алды. Мисалы, жыл башында запастын баасы 49 миллиард сомдон азыраак эле.

Алтын валюта запасы (эл аралык валюта резерви) Улуттук банктын сомдун курсун туруктуу көзөмөлдөп туруусуна мүмкүнчүлүк берет. Ал CDR (Атайын карыз алуу укугу – Эл аралык валюта фондунун (ЭВФ) жасалма резерв жана төлөө каражаттары) сыяктуу ондогон валютасынан жана алтындан турат.