Өзбекстан куруп берген эки оорукана пайдаланууга берилди

Пайдаланууга берилген эки оорукана керектүү медициналык жабдуу жана эмерек менен камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн.
Sputnik

БИШКЕК, 29-дек. — Sputnik. Бишкек шаары менен Чүй облусунун аймагында Өзбекстандын каржылоосу менен контейнерден курулган эки оорукана пайдаланууга берилди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарындагы Улуттук госпиталдын аймагына курулган оорукана 176 орунга, Чүй облусунун аймагындагы оорукана 24 орунга ылайыкташкан.

"Аталган объектилер бир айга жетпеген аралыкта жеңил конструкциядагы модулдук курулмалар менен тургузулган. Ошондой эле керектүү медициналык жабдуулар жана эмеректер менен толук камсыздалып, бейтаптар үчүн бардык шарттар түзүлгөн", — деп айтылат маалыматта.

Баткендеги ооруканаларга Тез жардам унаалары тапшырылды. Сүрөт
Ооруканаларды ачуу иш-чарасына Өзбекстандын өкмөт башчысынын кеңешчиси Мехриддин Хайриддинов жана КР саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев катышкан. Министр өз сөзүндө пандемия учурунда Кыргызстанга көрсөткөн жардамы үчүн коңшу өлкөгө ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Баткен облусунун Кадамжай районунда Өзбекстандын колдоосунда контейнерден тургузулган 200 орундуу жугуштуу илдеттер ооруканасы пайдаланууга берилген болчу.