Роналду XXI кылымдын мыкты футболчусу аталды. Спортчу эмне деди

Бул наамга "Ливерпулдун" чабуулчусу Мохаммед Салах, бразилиялык футболчу Роналдиньо жана "Барселонанын" капитаны Лионель Месси ат салышкан.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. "Ювентус" клубунун жана Португалиянын футбол боюнча курама командасынын чабуулчусу Криштиану Роналду XXI кылымдын мыкты футболчусу катары Globe Soccer Awards сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу сыйлык берүүчү уюмдун Twitter-аккаунтуна жарыяланды.

​35 жаштагы спортчуга сыйлыкты 27-декабрда Дубай шаарында (БАЭ) өткөн салтанат учурунда тапшырышты. Маалыматка караганда, бул наамга "Ливерпулдун" чабуулчусу Мохаммед Салах, бразилиялык футболчу Роналдиньо жана "Барселонанын" капитаны Лионель Месси ат салышкан.

Кийинчерээк футбол жылдызы бул сыйлык ал үчүн өтө маанилүү экенин айтты.

"Мен абдан кубанып жатам! Жакында профессионалдык футболдо жүргөнүмө 20 жыл болот. Кылымдын мыкты футболчусу болуу мен үчүн өтө сыймыктуу жана кубанычтуу нерсе", — деди Роналду.

​Мындан тышкары, бул иш-чарада "Бавария" клубунун чабуулчусу Роберт Левандовски жылдын мыкты футболчусу аталды. Ал эми 2020-жылдын эң алдыңкы командасы деп ошол эле "Бавария" табылды.

Жылдын мыкты машыктыруучусу Ханс-Дитер Флик аталса, кылымдын мыкты машыктыруучусу Хосеп Гвардиола болуп калды.