БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik.РИА Новостиге муздаткычта сактабай турчу азыктардын тизмеси жарыяланды.
WeChat платформасынын колдонуучусунун айтымында, капуста, шпинат, салат, көк пияз жана башка чөп-чар муздаткычта көпкө сакталып турганда даамын жоготуп коет. Мындан сырткары, алардан жагымсыз жыт чыгып, башка азыктарга өтөт.
Банан, помидор, бадыраңды да муздаткычка салып кереги жок дейт колдонуучу. Себеби помидор жумшарып, банан болсо карарып, бат эле чирип кетет.
Алма, шабдалы, апельсин, киви сыяктуу жемиштер бөлмө температурасында 15-30 күнгө чейин сактала турганы белгиленди. Муздаткычка салган учурда аларга бактерия түшүп, тез эле жарабай калат. Эгер алар кесилген болсо, анда бетине жылтырак баштык жаап, бир нече убакытка гана коюуга болот.
"Балды да муздаткычка салбаш керек, антпесе ал пайдалуулугун жоготуп коет", — деп жазылат маалыматта.
Нан, шоколад, печенье, чипсыны да муздаткычта сактабай эле коюу сунушталган. Желбей калган тамакты да муздаткычка жөн салбай, бетин жаап коюу туура. Болбосо ага бактерия түшөрү кошумчаланды.