Баткендеги ооруканаларга Тез жардам унаалары тапшырылды. Сүрөт

Унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараты да орнотулган.
Sputnik

БИШКЕК, 28-дек. — Sputnik. Баткен облусунун үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлоруна төрт Тез жардам унаасы тапшырылды. Бул тууралуу өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү кабарлады.

Өкмөт тарабынан берилген унаалар Исфана шаарына, Лейлек районунун Кулунду, Баткен районунун Самаркандек, Кадамжай районунун Үч-Коргон дарыгерлер борборлоруна бөлүштүрүлгөн.

"Коопсуз шаардын" акчасына 37 тез жардам унаасы сатып алынды. Видео
Унааларда бейтапка медициналык тез жардам көрсөтүү үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөнү белгиленди. Жасалма дем алдыруучу ИВЛ аппараты да орнотулган.

Белгилей кетсек, облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун эсебинде облус боюнча 44 тез жардам унаасы бар. Анын сегизи быйыл мамлекет тарабынан берилсе, тогузун демөөрчүлөр менен эл алып берген.